Акча каражаттары. Архив

2021-жылдын соңунда сомдун баасы кандай болот? ЕАБРдин божомолу

275
(жаңыланган 16:53 26.11.2020)
Адис келерки жылы көпчүлүк чектөөлөр алынып, ЕАБР өлкөлөрүнүн экономикасы акырындык менен калыбына келиши күтүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 26-ноя. – Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) көпчүлүк экономикалык валютасынын мындан ары бекемделишине чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу аталган банктын мамлекеттер аралык анализ борборунун жетекчиси Алексей Кузнецов билдирди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Ереван — Минск — Бишкек — Нур-Султан "ЕАБР өлкөлөрүнүн 2021-жылдагы экономикасы — Кыргызстан үчүн божомол" аттуу видеокөпүрө учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул жылы рынокто өзгөрүлмөлүүлүк жогорку деңгээлде болгон.

"ЕАБР өлкөлөрүнүн валюталары мындан ары бекемделүүгө потенциалы бар. Биздин божомол боюнча, 2021-жылдын аягында рублдин баасы - 74,5, теңге – 424, беларуссиялык рубль – 2,6, армян драмы – 495, кыргыз сому – 83, тажик сомони – 11,5 деңгээлинде кармалат", — деди Кузнецов.

Адис келерки жылы көпчүлүк чектөөлөр алынып, ЕАБР өлкөлөрүнүн экономикасы акырындык менен калыбына келиши күтүлүп жатканын айтты.

Евразия банкынын мамлекеттер аралык анализ борборунун улук аналитиги Айгүл Бердигулова быйыл сомдун баасы болжол менен 20 пайызга арзандаганын билдирди.

"Биздин оюбузча, эгер Улуттук банк азыркыдай валюта саясатын уланта турган болсо, бир доллар 84-85 сомдун тегерегинде болот", — деди ал.

Адистер пандемияга байланыштуу окуянын башкача өнүгүп кетүү мүмкүнчүлүгүн дагы эске алышты. Эгер илдет коркунучу токтобосо, божомолдонуп жаткан өсүү темпи, тескерисинче, төмөндөп кетиши ыктымал.

275
Белгилер:
валюта, баа, сом, доллар, экономика
Тема боюнча
Чет элдиктерге кыргыз жарандыгын сатуу сунушталууда. Жаңы мыйзам долбоор
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Мамлекеттик унаа номерлери. Архив

Автоунаа номерлерин сатуудан өлкө бюджети 70 млн. сомго толукталды

32
(жаңыланган 11:56 21.01.2021)
2016-жылга чейин мамлекеттик унаа номерлерин жеке менчик компания даярдап келгендиктен кирешенин негизги бөлүгү алардын эсебине түшүп турган.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Былтыр Каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" ишканасы сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз номерлерди сатуудан мамлекетке 70 миллион сом которгон. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номер белгилеринин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номери даярдалган.

"Бардыгы болуп 2020-жылы автоунаага карата 360 миңден ашуун мамномер даярдалган, алардын ичинен 11 миң 879 аукционсуз жана аукциондук мамномерлер. 348 миң 201 номер өлкөнүн аймактарына андан ары тарткатуу үчүн "Унаа" ишканасына берилген", — деп жазылат маалыматта.

2016-жылдын 1-июнунан тартып " Инфоком" ишканасы унаалар үчүн мамлекеттик номерлерди даярдоого киришкен. Ага чейин бул иш менен жеке менчик компания алектенгендиктен кирешенин негизги бөлүгү алардын эсебине түшүп турганы айтылат.

32
Белгилер:
киреше, Инфоком, мамлекеттик номер, ишкана, унаа
Тема боюнча
"Унаа" ишканасынын кызматтары 1-январдан тарта арзандайт. Жаңы тариф
Жаңы курулуп аткан көп кабаттуу үйлөр. Архивдик сүрөт

МИК: эми ипотека алуу үчүн документтерди жарым саатта тапшырса болот

173
(жаңыланган 10:56 21.01.2021)
Элмира Абжапарованын айтымында, мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова билдирди. 

Председатель правления ОАО ГИК Элмира Абжапарова на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышууда.

Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.

"Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деди Абжапарова.

Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.

173
Белгилер:
Элмира Абжапарова, Мамлекеттик ипотекалык компания, Кыргызстан
Тема боюнча
Абжапарова: ипотекалык насыя боюнча Кыргызстан ЕАЭБде үчүнчү орунда
Кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Кыргызстандын балбан кыздары кезектеги окуу-машыгууга киришти

0
Кыргызстандык балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана Олимпиадага лицензия берилүүчү ири мелдештерге даярданышууда.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Балбан кыздар жакынкы аралыкта Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык турнирлерге катышат.

"Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жатышат. Иш-чара Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2021-жылга карата кабыл алган календарлык планына ылайык өтүүдө. Спортчулар Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге даярданышат", — деп айтылат маалыматта.

18-январда старт алган иш-чара 7-февралга чейин уланат.

Окуу-машыгууга машыктыруучулар: Нурбек Изабеков, Байгазы Кенжебаев жана Розалия Тилегенова жетекчилик кылууда.

Чакырылгандардын арасында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы сыяктуу эмгек сиңирген спорт чеберлери, сегиз спорт чебери, жана спорт чеберине талапкер алты балбан кыз бар.

Окуу-машыгуу жыйыны Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

0
Белгилер:
күрөш, машыгуу, Чолпон-Ата
Тема боюнча
Эркин күрөш. Өлкө биринчилигинде КРдин курама командасы аныкталат
Кыргызстандын мыкты боксчулары Украинада окуу-машыгуу өткөрөт