Кара-Балта шаарынын мэриясында 19 млн. сом кымырылганы аныкталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКонвертте акча кармап турган адам. Архив
Конвертте акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсеп палатасынын аудиттик материалдарына юридикалык баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кара-Балта шаардык мэриясынын бюджетинде 2018-2019-жылдары 19 миллион сом өлчөмүндөгү финансылык бузуулар аныкталды. Бул туурасында Эсеп палатасынын аудитордук отчетунда жазылган.

Маалыматка ылайык, аудиттер мэриянын эки жылдык бюджетинин аткарылышын текшергенде 19 миллион 12 миң сомдун дайыны чыкпай калган.

"Аталган сумманын 18 миллион 674,4 миң сому эмгек акыны негизсиз төлөп берүүгө жумшалган. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатып 151,2 миң сом коротулса, 160,2 миң сом максатсыз пайдаланылган. Ушул жана башка каржылык бузуулар аныкталды", — деп көрсөтүлгөн отчетто.

Аудиттердин материалдары юридикалык баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0