БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын тогуз айында 294 миң тонна эт өндүрүлгөнүн (канаттуулардын этин кошкондо) Улуттук статистика комитети билдирди.
Ал эми өткөн жылдын январь-сентябрь айларында 289,5 миң тонна эт алынган. Ошондой эле сентябрь айында 41,4 миң тонна эт өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу миң тоннага көп.
"Мал менен канаттуунун этин өндүрүүнүн 1,6 пайызга өсүшү малдын көбөйүшүнөн улам болду", — деп билдирет Статком.Буга чейин Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Казакстанда мал экспорттоого тыюу салынгандыгына байланыштуу Кыргызстандагы малга Өзбекстан менен Тажикстанда суроо-талап бар экендигин билдирген.
Мындан тышкары, алып сатарлар кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүп жиберишкен. Уй этинин килограммы 450 сомдон ашканы да белгилүү. Ошондон улам өкмөт Кыргызстандан мал экспорттоого убактылуу тыюу салган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында айыл чарбасына кызыккандарга Бишкекте ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Аталган министрлик, Кыргыз улуттук университети жана Кореянын аймакты өнүктүрүү департаментинин айыл чарба илимдери жана технологиялары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Анын алкагында университеттин ботаникалык бакчасынын базасында демонстративдик талаа, же башкача айтканда, өзүнчө ботаникалык бакча ачуу каралган.
"Долбоордун негизги максаты айыл чарба адистерин, студенттерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, дыйкандарды, деги эле айыл чарбага кызыккандарды Кореянын акыркы агротехнологиялары менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн алдыңкы илимпоздорун тартуу менен жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
2021-жылы кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлор пландалып жатканы айтылды: