Жогорку Кеңеш 11,6 миллион сомго техника сатып алууну көздөп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку Кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландоодо.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды жана жыйындар залына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 11,6 миллион сомго тендер жарыялады. Бул маалыматты парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова тастыктады.

"5-6-октябрь күнкү окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы бардык техника, жабдуулар талкаланган. Алып кеткендер дагы болгон. Жыйындар залында депутаттардын алдында турган ноутбуктар, түз эфирди камсыздоочу мониторлор, серверлер жок кылынган. Ошонун баарын кайрадан алуу үчүн тендер жарыяланып, мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди", — деди Куралбекова.

Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын эски имаратыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна шаардык кеңешке кеңсе курулат
Тендердеги маалыматка караганда, Жогорку Кеңеш 143 ноутбук, 12 LED-монитор, 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер сатып алууну пландап жатат.

Эске салсак, быйылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор 6-октябрга караган түнү "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Айрымдары Жогорку Кеңештин имаратына кирип, талкалап, бир топ зыянга учураткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0