Суммасы канча? Кыргызстанда былтыр 624,5 миң адам кредит алды

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял калькулятор менен сом купюраларды санап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Аял калькулятор менен сом купюраларды санап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы кредит алгандардын 56,7 пайызы (354,2 миң) аялдар экени белгиленет. Калган 43,3 пайызын (270,3 миң) эркектер түзөт.

БИШКЕК, 30-ноя. – Sputnik. Былтыр бир жылдын аралыгында өлкөнүн 624,5 миң жараны кредит алган. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери 2015-2019" жыйнагында жазылган.

Ага ылайык, өткөн жылы микрокредиттик уюмдар тарабынан 30 миллиард 188,2 миллион сом кредит берилген. 2018-жылга салыштырмалуу насыялардын көлөмү 30,6 пайызга, алгандардын саны 29,6 пайызга же 142,6 миң адамга көбөйгөн.

Выдача кредитов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 18 пайызга өстү
Ошону менен катар 2019-жылы кредит алгандардын 56,7 пайызы (354,2 миң) аялдар экени белгиленет. Калган 43,3 пайызын (270,3 миң) эркектер түзөт.

Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 31,2 пайыз менен айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү турат. Экинчи орунга керектөөчүлүк (28,3 пайыз), үчүнчүгө соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү (12,4 пайыз) чыкты. Курулуш жаатында колдонгондор төртүнчү орунду (10,4 пайыз) ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0