Кыргызстанда кайсы банктын карталары киреше алып келет. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековБанк карталагы жана акча каражаттары. Архив
Банк карталагы жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары көпчүлүгүбүздүн капчыгыбызда пайда болгон банк карталары жөн гана кирешеңди салып, кийин кайра андан алып колдончу пластик эмес.

Банк карталары менен акча тапса дагы болорун айрымдар биле бербесе керек. Албетте, Кыргызстанда бул нерсе өтө популярдуу болуп, чоң кирешелерди алып келе элек. Бирок акыркы жылдары банктар өз кардарларына картада сактаган акчасы үчүн пайыз төлөп, соода кылса кеткен каражаттын кайсы бир бөлүгүн кайтарып бере баштады.

Чакан глоссарий

Дебет картасы — бул капчыктын синоними десек болот, анда камтылган гана каражатты сарптай аласыз.

VISA жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын банк карталары. - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда банктык карталар менен кантип акча табууга болот? Жол-жобосу
Насыялык карта — аталышы айтып тургандай эле бөлөк, тагыраагы, банктын каражатын пайдалана туруу мүмкүнчүлүгү.

Кэшбек — соода кылганда карта аркылуу төлөнгөн каражаттардын кайсы бир бөлүгүн кайтарып берүү.

Калдык суммага пайыз чегерүү — картада жаткан суммага айрым банктар канча бир пайыз каражат кошуп берет.

Кыскасы, кээ бир учурда банк картасынын ээси киреше көрө алат. Sputnik редакциясы Кыргызстандагы банктардын сайттарын карап чыгып, картанын мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат топтоду.

Билип алыңыз

Бүгүн кеп бир гана дебет карталары тууралуу болот. Баса, киреше алып келе турган картаны алардан мурда банк аны тейлөөгө канча акы аларын тактап (акысызы дагы бар), кийин ал өзүн актаар-актабасын билип алыңыз.

Дагы бир маанилүү нерсе — калдык суммага пайызды айрым банктар күн сайын чегерсе, башкалары ай сайын төлөйт. Тагыраагы, ай аягына чыкканда картаңызда канча акча болсо, ошого жараша киреше түшөт. Ал эми айдын соңунда капчыгыбыз бир топ эле жукарып кетерин жакшы билебиз.

"Кыргызкоммерцбанкы"

Кэшбек бир пайыз. Киреше катары картада калган суммага беш пайыз кошуп берилет. Ал эми премиум класстагы (банктын бир жылдык кызмат көрсөтүүсүнө 5,5 миң сом төлөйсүз) картасына сом менен болсо калдык сумманын жети, доллар менен болсо эки пайызы төлөнөт.

"Кыргызстан" коммерциялык банкы

0,5тен 2,5 пайызга чейин кэшбектерди премиум класстагы карталарга гана (Gold, Platinum жана Infinitive) берет. Ал эми калдык суммага пайыздар жөнөкөй карталарга (Visa Classic и Instant) деле төлөнөт. Бирок сомго эмес, Россия рублине. Баланста 2 миң рублден жогору болсо, 2 пайыздан киреше көрсө болот.

"Оптима Банкы"

VISA Platinum жана Visa Infinte төлөм карталарынын ээлерине 1 пайыздык кэшбек кайтарылат.

"Кыргыз-Швейцария Банкы"

Бул банк дагы картадагы калдык суммага пайыз чегерет. Эгер картаңызда 5 миң сомдон жогору сумма болсо, 3 пайыздык киреше көрөсүз.

"Толубай Банкы"

Жеке тараптар жана айлык акы долбоорундагы кардарлар үчүн үч пайыздык төлөм каралган.

"РСК Банкы"

Май куюу жайларынын биринен соода кылган учурда кэшбек берилет. Ал эми калдык суммага пайыз чегерүү маселеси ар бир учурда индивидуалдуу каралат.

"Дос-Кредобанк"

Социалдык карталарга үч, пенсиялык карталарга беш пайыз төлөп берилет.

"Азия Банкы"

Бул банктын бир нече картасына банк тараптан 2 пайыздан беш пайызга чейин каралган. Ал үчүн карталарда минималдык сумма 5 миңден 15 миң сомго чейин болушу шарт.

"Халык Банкы"

Бир гана Visa Platinum картасына үч пайыздык киреше кошулат.

KICB

Эгер картаңызда ар дайым 10 миң сомдон кем эмес каражат болсо, банк үч пайыз киреше кошуп берет. Ушундай эле пайыздык чен пенсиялык карталарга дагы каралган, болгону анда минималдык сумма боюнча талаптар жок.

"ФинансКредитБанкы"

Пенсиялык карталарга беш пайыздан, социалдык жана айлык акы долбоорлоруна үч пайыздан төлөнөт.

"Айыл Банкы"

Пенсиялык карталарга жана айлык акы долбоорлоруна үч пайыздан кошуп беришет. Болгону картада үч миң сомдон кем эмес каражат болушу зарыл.

"Керемет Банкы"

Элкарттын пенсиялык картасына — беш, социалдык картасына үч пайыз берилет.

Visa Classic, Visa Gold, UnionPay Gold — карталарында 10 миң сомдон кем эмес болсо, төрт пайыздан төлөнөт. Visa Infinite, UnionPay Diamond Asia Prestige карталарында ар дайым 25 миң сомдон каражат сакталган болсо алты пайыздан киреше тапса болот.

“Бакай банкы”
Айлык акы долбоору боюнча карталарга 2 пайыздык кэшбек каралган. Шарт боюнча эгер сиз 500 сомдон жогору соода кылсаңыз, анын эки пайызы кайтарылат. Качан чогулган сумма 1 миң сомго жеткенде картаңызга бул акчаны банк которуп коет.

Finca банкы

Бизнес-картаңыз болсо (баланста 50 миң сомдон жогору) банк сизге андагы каражатка 0,2 пайыз кошуп берет. Ал эми пенсиялык жана социалдык карталарга минималдык сумма боюнча чектөөсүз эле үч пайыздан киреше түшөт.

"Бай-Түшүм" банкы

Банктык карталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында банктык карта көп колдонулат. Статистика
Visa карталарына 3-5 пайыз (минималдык сумма 7ден 12 миң сомго чейин), ал эми Элкартка үч пайыз (минималдык сумма 2 миң сом). Мындан тышкары, кэшбек бар. Ай сайын ар кайсы товарларга акция жарыяланып, корогон каражаттан 10 пайызын кайтарып беришет. Бул айда банктын кардарлары тиричилик техникасын сатып алса, картасына киреше түшөт.

"Компаньон Банкы"

Элкарттын бардык карталарына үч пайыздан киреше түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0