Улуттук банк ноябрда сомдун кунун сактап калуу үчүн 84,7 млн. доллар сатты

© REUTERS / Rick WilkingДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку жумаларда доллар күн сайын катары менен валюта рыногуна сатылып жатты. Алсак, 16-20-ноябрь күндөрү жана 24-27-ноябрда тынбай интервенция жасалган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук банк ноябрь айында 84,7 миллион доллар сатканы туурасында расмий сайтына жарыялады.

Завод цветных металлов Красцветмет в Красноярске - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери Кыргызстандын алтын запасы 34,2 млрд. сомго кымбаттады
Кечээ, 30-ноябрда,  улуттук валютанын курсун турукташтыруу үчүн дагы 16,1 миллион доллар саткан. Бул ноябрь айындагы 11-интервенция болуп калды. Мурунку жумаларда доллар күн сайын валюта рыногуна сатылып жаткан. Алсак, 16-20-ноябрь күндөрү беш күн тынбай, өткөн аптада 24-27-ноябрда төрт күн интервенция жасалган.

Муну менен узаган айда Улуттук банк 84 миллион 750 миң доллар сатканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда доллар 83,94 (сатып алуу) жана 84,33 (сатуу) сом болуп турган, кийинчерээк наркы жогорулап 84,9 (сатуу) сомго чейин жетти.

Алтын валюталык запас (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун баасын кармап турууга жардам берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард долларды түзөт. Бул алты айга чейин товарларды жана кызматтарды импорттоого жетиштүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0