Эмдиги жылы пенсия канча пайызга көбөйөрү айтылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Киши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун өкүлү депутаттын суроолоруна жооп берип жатып, келерки жылы пенсияны көбөйтүүгө мурдагыларга салыштырмалуу аз каражат каралганын билдирди.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жылы пенсия 250 сомго жогорулайт. Бул тууралуу парламент жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева айтты.

Ал депутат Дастан Бекешевдин суроолоруна жооп берип жатып, келерки жылы пенсияны көбөйтүүгө мурдагыларга салыштырмалуу аз каражат каралганын билдирди.

"Орто эсеп менен пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгү беш пайызга көтөрүлөт. Бул болжол менен 250 сомду түзөт. Буга 510 миллион сом сарпталат", — деди Жуматаева.

Ошондой эле ал эмдиги жылы 45 миң кыргызстандык пенсияга чыгарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0