Евразия өнүктүрүү банкы "Манас" аэропорту жана Темир жол долбоорун карап жатат

Жазылуу
Өлкөдөгү долбоорлор тууралуу ушул күндөрү Москвада өтүп жаткан Биринчи Евразия конгрессинде айтылды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" аэропорту жана Кыргыз темир жолу боюнча эки долбоор иштелип жатат. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасынын орун басары Амангелды Исенов журналисттерге билдирди.

Ал ушул күндөрү Москвада өтүп жаткан Биринчи Евразия конгрессинин талаасында журналисттердин алдында сүйлөдү.

"Азыркы тапта Кыргызстан боюнча долбоорлордун саны мактанарлык деп айтууга болбойт. Биз "Манас" аэропортунун инфрастуруктурасы жана Кыргыз темир жолу боюнча маселени карап жатабыз. Алар биздин контрагенттер менен биргеликте иштеп чыгуу этабында турат. Азыр долбоордун документациясы аягына чыга элек болгондуктан суммасын айта албайм", — деди Исенов.

Ошондой эле ал темир жолу модернизация болорун, долбоор татаал жана капиталы чоң экенин айтты.

Мындан сырткары, энергетикалык долбоорлорду Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0