Россияда доллар арзандап жатса, Кыргызстанда эмнеге кымбат. Улуттук банктын жообу

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКурс доллара к рублю
Курс доллара к рублю - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва рыногунда бир доллар 74,3 рублден сатылып калган. Ошол эле учурда Кыргызстанда бул көрсөткүч ноябрь айынын ортосунда 84,9 доллар чегинде кармалып турду.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россияга салыштырмалуу Кыргызстанда доллардын арзандабай жатканына ага болгон суроо-талаптын жогорулугу себеп болууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар дүйнө боюнча арзандап жатса, Кыргызстанда эмнеге кымбаттоодо?
Эске салсак, Россия рыногунда доллардын наркы түшүп, Москва рыногунда бир доллар 74,3 рублден сатылып калган. Ошол эле учурда Кыргызстанда бул көрсөткүч ноябрь айынын ортосунда 84,9 доллар болуп кармалып турду.

Улуттук банктан түшүндүрүшкөндөй, Россия — Кыргызстандын соода-сатык боюнча негизги өнөктөштөрүнүн бири. Ошондой эле эки өлкө ортосунда акча көп которулат. Демек, Россиянын экономикасы сөзсүз Кыргызстандын экономикасына таасир этет. Бирок ошол эле учурда кыргыз сомунун курсу рублден көз каранды деп айтууга болбойт.

"Россияда Кыргызстандагыдай эле доллардын курсу суроо-талапка жараша аныкталат. Бирок эки өлкөнүн финансылык рыногунда чет элдик акчаны сатуучулардын дагы, сатып алуучулардын дагы максаттары, көздөгөн нерселери айырмаланып турат. Ошол себептүү валюта курстарында дагы айырма бар", — деп айтылат түшүндүрмөдө.

Маалыматка караганда, сентябрь-ноябрь айларында Россияда рублдин курсу бекемделип, долларды алгандарга караганда саткандар көбөйгөн. Ошол себептүү жашыл акча арзандады. Ал эми Кыргызстанда бул аралыкта АКШ акчасынын негизги сатуучусу Улуттук банк гана болуп келе жатат. Бул рынокто талап кылынган долларды сатуучулар жетишсиз болду дегенди түшүндүрөт. Ошол себептүү дагы анын баасы түшпөй жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0