Пандемияга карабай бюджеттик насыялар пландан ашык кайтарылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКиши акчаны колунда кармап турат. Иллюстративдик сүрөт
Киши акчаны колунда кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик январь-ноябрь айларында 2,8 миллиард сом кайтарып алууну пландаган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Быйылкы 11 ай ичинде Кыргызстанда бюджеттик насыялардын кайтарымдуулугу пландан ашыкча болду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик январь-ноябрь айларында 2,8 миллиард сом кайтарып алууну пландаган. Бирок эсептей келгенде 3,6 миллард сом түшкөнү белгилүү болду.

Бул сумманын ичинен 2,7 миллиарды негизги карыз болсо, 9 миллиону пайыздар жана айып пул болуп эсептелет.

Рост курс доллара - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк дагы 10,3 миллион доллар сатты
Бюджеттик кредит — бул чарбачылык субъектилерге республикалык бюджеттен берилүүчү насыя. Ал мурда берилген кредиттердин үстөк пайызын төлөп, өлчөмүн жабуу боюнча милдеттенмелерин аткарган шартта берилет.

Баса, Улуттук банк март айында "Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө" токтом кабыл алган. Ага ылайык, насыяларды төлөө мөөнөтү бери дегенде үч айга жылдырылып, кечиккендиги үчүн айып пул салынбайт. Ошондой эле кардардын "кредиттик тарыхына" бул айлардагы кечигүүлөр эсепке алынбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0