Быйыл Кыргызстанга инвестициясын азайткан жана көбөйткөн өлкөлөр

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДоллар, евро жана рубль купюралары. Архив
Доллар, евро жана рубль купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, январь-сентябрда 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике инвестициялардын келип түшүү агымы 1,5 эсеге кыскарды.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айы ичинде алыскы чет өлкөлөрдөн (КМШ мамлекеттерин эсептебегенде) келген тике инвестициянын көлөмү тууралуу Улуттук статистика комитети маалымат жарыялады.

Ага ылайык, январь-сентябрда 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике инвестициялардын келип түшүү агымы 1,5 эсеге кыскарган.

Кайсы өлкөлөрдөн мурдагы жылга салыштырмалуу инвестиция аз келди:

  • Канада — 24,5 пайызга (кайра иштетүү өндүрүшү);
  • Улуу Британия — 3,3 эсеге (геологиялык чалгындоо);
  • Кытай — 1,9 эсеге (пайдалуу кендерди казуу, геологиялык чалгындоо);

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушуу учрунда - Sputnik Кыргызстан
Баштапкы капиталы 50 миллион доллар. Кыргыз-өзбек инвестициялык фонду түзүлөт
Ошол эле учурда бир катар өлкөлөрдөн келген инвестиициянын көлөмү тескерисинче жогорулады. Мисалы, Швейцария пайдалуу кендерди казуу, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармактарына мурдагыдан 4 пайыз көбүрөөк каражат салды. Ал эми Түштүк Корея курулуш тармагына 2,1 эсеге көбүрөөк акча сарптады. Алардын катарында Түркия дагы бар, бул өлкө дагы курулушка мурдагы жылкы суммадан 8,7 пайызга көбүрөөк капитал жумшады.

Кыргызстанга келип түшкөн инвестициялардын басымдуу бөлүгү Кытайга (инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 28,5 пайызы), Канадага (21,7 пайызы), Нидерландга (11,9 пайызы), Швейцарияга (7,1 пайызы), Түркияга (6,9 пайызы) жана Улуу Британияга (5,8 пайызы) туура келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0