Талант Мамытов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча и. о. президента КР Таланта Мамытова и посла России Николая Удовиченко
Встреча и. о. президента КР Таланта Мамытова и посла России Николая Удовиченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеоконференция форматындагы иш-чара бүгүн, 11-декабрда, болот. Ага Беларусь президенти Александр Лукашенко төрагалык кылмакчы.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара бүгүн, 11-декабрга, белгиленген.

КР президентинин милдетин аткарып жаткан ЖК төрагасы Талант Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Талант Мамытов: Россия Кыргызстанга көп маселеде жардам берүүгө даяр
Беларусь президенти Александр Лукашенконун төрагалыгы астында өтө турган бул жыйында евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, уюмдун 2021-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары, интеграциялык процесстин актуалдуу маселелери талкууланат.

Ошондой эле ЕАЭБге байкоочу-мамлекеттердин макамын Куба менен Өзбекстан Республикасына берүү маселеси да каралат.

Кезектеги жыйындын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0