Өзбекстан менен Куба ЕАЭБге байкоочу мамлекет макамын алышты

© Sputnik / Табылды КадырбековЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЕАЭБ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Байкоочу деген макам ал өлкөгө жыйындарга катышып, интеграция маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт. Буга чейин мындай макамды Молдова мамлекети алган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Өзбекстан менен Куба өлкөсү Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекет деген макамды алышты.

Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бангладештен Өзбекстанга 900 мигрант иштегени келет
Мындай чечим Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Жолугушуу онлайн-форматында өтүп, ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Кубанын башчысы Мигель-Канель да катышкан. Мамлекет башчылары кесиптештерине ыраазчылык айтып, тыгыз кызматташабыз деген ниетин билдиришкен.

Андан кийин жыйын тар чөйрөдө уланган. Ага катышып жаткан өлкөлөрдүн башчылары ачык режимде жалпы 24 маселе карашкан.

Байкоочу деген макам ал өлкөгө жыйындарга катышып, интеграция маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт. Буга чейин мындай макамды Молдова мамлекети алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0