Укук коргоо органдарына бизнести текшерүүгө тыюу салынды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТекстиль ишканасынын кызматкерлери жумуш учурунда. Архив
Текстиль ишканасынын кызматкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул тыюу өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу маселелери боюнча жана башка айрым текшерүүлөргө жайылтылбайт.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү укук коргоо органдарына ишкердик субъектилерди текшерүүгө тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мындай тыюу салуу өлкөнүн аймагында COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алуу маселелери боюнча, бажы кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү менен жазык жана жарандык процесстин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жайылтылбайт.

"Чечим ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана алардын укуктук жактан корголушун камсыздоону максат кылат. Ошоной эле айрым укук коргоо органдарынын бизнеске негизсиз кийлигишүүсүн жоюуга байланыштуу кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0