Кыргызстанда эт көп өндүрүлө баштады. Статистика

© Sputnik / Табылды КадырбековПродажа мяса на Ортосайском рынке Бишкека
Продажа мяса на Ортосайском рынке Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылы бардык категориялардагы чарбалар тарабынан 226 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул мурунку жылга караганда 2,2 пайызга, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга көп.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Былтыркы жылдын жыйынтыгына таянсак, Кыргызстанда эт өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Буга ири мүйүздүү малдын, жылкылардын жана канаттуулардын башынын көбөйүшү себеп болгон.

"2019-жылы бардык категориялардагы чарбалар тарабынан 226 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул мурунку жылга караганда 2,2 пайызга, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга көп", — деп айтылат билдирүүдө.

Мал базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мал арзандады. Өлкөнүн ири базарларындагы баага саресеп
Мунун 49,3 пайызы — уйдун, 29,3 пайызы — койдун, 10,9 пайызы — жылкынын, 6,2 пайызы — чочконун, 4,2 пайызы – канаттуунун этине туура келсе, 0,1 пайызы – коёндун эти.

Бирок өлкө өзүн-өзү эт менен толук камсыздай албайт. Буга чейин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан учурда негизги тогуз азыктын үчөөнү гана өзүнө жеткидей өндүрө алат. Алар: сүт, картошка жана жашылча. Ал эми эттин керектелчү көлөмүнүн 61 пайызы гана өзүбүздө өндүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0