Инвестор издегиле! Өкмөттүн аппарат жетекчиси облус башчыларына тапшырма берди

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев. Архив
 Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аманбаев өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү өз облусунун өнүгүүсүнө кызыкдар болушу керектигине токтолуп, инвестор тартууну сунуштаган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Өкмөттүн аппарат жетекчиси Бактыбек Аманбаев облус башчылары менен онлайн-кеңешме өткөрүп, аларга бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Аманбаев өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрү өз облусунун өнүгүүсүнө кызыкдар болушу керектигине токтолгон.

"Мурда облустардагы жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген, бирок алардын аткарылышы тийиштүү түрдө көзөмөлгө алынбай жатат. Бул анын бардыгы унутта калды дегенге жатпайт. Көзөмөл болушу тийиш. Өлкө калкынын 65 пайызы аймактарда жашап, негизинен айыл чарба тармагында эмгектенет. Ар бир региондун өзгөчөлүгүн жана жаратылыш ресурстарын эске алуу менен айыл чарбаны өнүктүрүүнүн комплекстүү программасы болушу зарыл", — деди ал.

Аманбаев облустун ар бир жетекчисине эки жуманын ичинде аткара турчу тапшырмаларды берген. Алар:

  • аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча планды иштеп чыгуу;
  • ички жана тышкы инвесторлор менен өз ара пайдалуу долбоорлорду иштеп чыгуу;
  • айыл чарба продукциясын экспорттоо боюнча борборлорду ачуу планын иштеп чыгуу.

Өкмөттүн аппарат башчысы президенттик шайлоого ар бир аймактын жетекчиси даяр болушу керектигин айтып, кыштан ийгиликтүү чыгуу маанилүү экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0