Улуттук банк доллар курсунун дароо түшүп кеткен себебин түшүндүрдү

© REUTERS / Lee Jae WonАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банк ички валюталык жана тышкы финансы рыногунда кырдаалга дайыма көз салып турарын белгиледи. Ошондой эле эгер зарылчылык жаралса, мындай операциялар кайра жасалары айтылды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Улуттук банк өлкөдө доллардын курсунун дароо түшүп кеткен себебин айтты.

Белгилей кетсек, ноябрь айынын башында доллардын баасы кескин жогорулап, бир жарым айдан бери сатуу 84,9 сомдон түшпөй турган. Аны менен катар эле евро дагы кымбаттап, тарыхта биринчи ирет 103 сомго чыккан.

Доллар, евро жана рубль купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Кыргызстанга инвестициясын азайткан жана көбөйткөн өлкөлөр
Кечээ курс дароо төмөндөп, доллар 83,8 сомго түшкөн. Бүгүн бул сумма 83,48 сомго жогорулады.

Улуттук банк Кыргызстандын ички рыногунда 10-декабрга чейин чет элдик валютанын курсу жогору бойдон кармалып турганын белгиледи. Курс дароо секирип кетпеши үчүн мекеме доллар сатып, интервенция жүргүзүп турган. Улуттук банк чет элдик валютаны саткан негизги сатуучу болду, башкача айтканда, рынокто доллар саткан башка катышуучулар болгон эмес.

"Ноябрь айында эл аралык сырьё жана валюта рыногунда мунай менен доллардын кымбаттаганы байкалды. Ошондой эле Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү долларга карата өз позицияларын бекемдешти. Ушу тапта жогоруда айтылган тышкы факторлорго байланыштуу жана экпорт-импорт операцияларынын төлөм балансы боюнча көрсөткүчтүн жакшырышынан улам ички рынокто талап толугу менен канааттандырылып, курс төмөндөдү", — деп айтылат маалыматта.

Банк ички валюталык жана тышкы финансы рыногунда кырдаалга дайыма көз салып турарын белгиледи. Ошондой эле эгер зарылчылык жаралса, ушул сыяктуу операциялар кайра жасалары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0