Быйыл 9 айда өлкөдөгү ишканалар былтыркыдан 20 эсеге аз пайда көрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековСом купюралары жана калькулятор. Архив
Сом купюралары жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы ишканалар 1,7 миллиард сом пайда көргөн. Былтыр ушул эле мезгилде 37,1 миллиард сом түшкөн болчу.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Быйыл экономиканын реалдуу секторундагы ишканалардын пайдасынын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 20 эседен ашык кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында ишканалар 1,7 миллиард сом пайда көргөн. Ал эми былтыр ушул эле мезгилде 37,1 миллиард сом түшкөн. Мында рентабелдүү ишканалардын үлүшү 28 пайыздан ашыгын (өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 35 пайызга жакынын) түзгөн.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу карантин жана чектөө чаралары киргизилгендиктен өндүрүштүк жана экономикалык ишмердиктин бардык түрү боюнча кирешенин төмөндөшү байкалган.

Супермаркеттеги кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери кайсы товар канча пайызга кымбаттады
Эң көп жабыр тарткан тараптар соода, мейманкана жана ресторан бизнеси, транспорт, туризм, эс алуу жана көңүл ачуу, ошондой эле башка кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалар болгону белгиленет.

Аны менен катар чет элдик валюта менен карыз алгандар курстун жогорулашы менен олуттуу кыйынчылыктарды баштан өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0