Евразиялык фонд Кыргызстанга 3 миллион доллар грант бермей болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин желектери
Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин желектери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грант бөлүү боюнча макулдук берилгенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге ЕТӨФдүн аткаруучу директору Андрей Широков кабарлады.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) Кыргызстандын 3 миллион доллар грант берүү боюнча арызын жактырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Бул каражат санитардык транспорт жана тез жардам унааларын сатып алууга керектелет.

Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Евразия өнүктүрүү банкы "Манас" аэропорту жана Темир жол долбоорун карап жатат
Гранд бөлүү боюнча макулдук берилгенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге аталган фонддун аткаруучу директору Андрей Широков кабарлады. Алар КР менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтык жана коронавируска каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттер боюнча талкуулашты.

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду — катышуучу-мамлекеттердин экономикасын колдоодо регионалдык финансылык механизм болуп саналат. Инвестициялык жана каржылык насыяларды, ошондой эле гранттар түрүндө каржылык колдоолорду Кыргызстандан сырткары Беларусь, Тажикстан менен Армения алып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0