Кыргызстанда доллар менен евро кайрадан арзандай баштады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүДоллар жана евро купюралары. Архив
Доллар жана евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы кезде доллар экинчи ирет арзандады. Евронун баасы 100 сомго жетпей турат, буга чейин тарыхта биринчи ирет 103 сомго чейин чыккан.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Бишкекте доллар менен евронун баасы кайрадан төмөндөдү.

Бүгүн саат 10:00дө акча алмаштыруучу жайларда доллар 82,11 сомдон, евро 100,57 сомдон сатылып жаткан. Эки сааттан кийин америкалык валютанын баасы 81,06 сомго, евро 99,76 сомго түштү.

Акыркы кезде чет элдик валюта экинчи ирет арзандап жатат. Буга чейин бир ай бою доллар 84,9 деңгээлинде кармалып турса, евро тарыхта биринчи жолу 103 сомго жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0