Бюджетке зыян келтирген ишкерлерди бир шарт менен жазадан бошотуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКөз айнек жана Кыргызстандын улуттук валютасы. Архив
Көз айнек жана Кыргызстандын улуттук валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Демилгечи депутат мунапысты ишкерлер гана колдоно аларын, анын мамлекеттик кызматкерлерге тиешеси жок экенин белгиледи.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Парламентте "Экономикалык мунапыс маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Анын максаты — көмүскө мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу менен экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу. Айрым экономикалык жана салыктык кылмыштар, ошондой эле менчикке каршы кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыгына каршы жасалган кылмыштар үчүн материалдык зыянды өз ыктыяры менен жабууга түрткү берүү.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева мунун мамлекеттик кызматкерлерге тиешеси жоктугун айтып, мунапысты ишкерлер гана колдоно аларын белгиледи.

"Эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү сунушталууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат", — деди Асылбаева.

Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров демилгелеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0