Жылына 200 млн. доллар киреше түшөт. Өкмөт Жетим-Тоону өзү иштетмей болду

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүГайский горно-обогатительный комбинат
Гайский горно-обогатительный комбинат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Жетим-Тоо кениндеги Данга участкасын иштетүүдөн гана жылына 200 миллион доллардан ашык киреше түшөт.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Айрым саясатчылар Нарын облусунда жайгашкан Жетим-Тоо кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратууда. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жетим-Тоо кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес.

"Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Бул кенди өз алдынча иштетүү менен өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт", — дешти өкмөттөн.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сагынбаев: кен байлыктарды электрондук аукционго коюу колго алынууда
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, Жетим-Тоо кениндеги Данга участкасын иштетүүдөн гана жылына 200 миллион доллардан ашык киреше түшөт.

"Бул бюджеттин кирешесин көбөйтөт, социалдык программалар каржыланат жана акчанын бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшаса болот", — деп белгиленди маалыматта.

Долбоорду ишке ашырууда салыктарды төлөөдөн тышкары жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынып, дүң кирешенин эки пайызы Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет.

Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0