"Кыргыз көмүр": Бишкекте көмүр кыйла арзандап калды

© AFP / STRКөмүр сатуу. Архив
Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги көмүрдүн бир тоннасы 3100 сомдон 3800 сомго чейин сатылууда. Казакстандан келген көмүр да арзандаган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Бишкектеги көмүр кампаларда көмүрдүн баасы арзандаганын "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Ага ылайык, октябрь-ноябрь айларында көмүр кампаларындагы баа 3800-4000 сомду түзүп жаткан.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы бааларды мониторинг кылганга милдеттүү эмес. Биз болгону элге жардам болсун деген ой менен Бишкектеги базаларды жана көмүр кампаларын толук кыдырып келдик. Базаларда ушу тапта көмүрдүн тоннасы 3100 сомдон 3500 сомго чейин сатылып жатыптыр. Ал эми көмүр кампаларында тоннасы 3500-3800 сомдон сатыкта турганын көрдүк. Буга чейин көмүр саткан кампалардын өзүндө эле кара алтындын баасы 4000ден 5000 сомго чейин болуп жаткан", — деди Зоотбекова.

Ал билдиргендей, Казакстандан келген көмүр да мурдагыга салыштырмалуу арзандаганы байкалат.

"Быйыл тоннасы 5000 сомго чейин көтөрүлгөн Казакстандын көмүрү азыр шаардагы кампаларда 4200 сомдон сатылууда",— деди Зоотбекова.

Кара алтынга болгон баанын кычыраган кышта төмөндөп кетүүсүнүн себебин маалымат катчы шаардыктардын көбү октябрда эле көмүрдү камдап алганы менен түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0