Кыргызстан үчүн ЕАЭБ линиясы боюнча Индия рыногу ачылышы мүмкүн

© AP Photo / Mahesh Kumar A.Индиянын желеги менен кыз. Архив
Индиянын желеги менен кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБ менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги кийинки жумада талкууланат.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 21-декабрь күнү "ЕАЭБ менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги" аталышында онлайн форум өтөт.

Иш-чаранын катышуучулары төмөнкү темаларды талкуулашат:

  • ЕАЭБ менен Индиянын ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү;
  • Индия рыногунун өзгөчөлүктөрү жана ЕАЭБ экспортчулары үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн потенциалы;
  • ЕАЭБдеги экспорттоочу компанияларга колдоо көрсөтүүдөгү мамлекеттердин ролу;
  • Индия рыногуна жетүүдөгү тоскоолдуктар, тарифтик жана тарифтик эмес чектөөлөрдүн өзгөчөлүктөрү;
  • Индияда локалдаштырылган ЕАЭБдин тышкы инфраструктурасынын мүмкүнчүлүктөрү (соода үйлөрү, соода өкүлдөрү ж.б.), экспортерлорго жардам берүү;
  • Индия рыногунда иштеген компаниялардын ийгиликтери (жаңы башталгыч экспортчуларга сунуштар берилет).

Конференцияны Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешинин колдоосу менен Евразия экономикалык комиссиясы уюштурууда. Конференция төмөнкүлөргө кызыкдар болгон ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкер чөйрөсүнө арналат:

  • Индия базарына чыгуу;
  • индиялык өнөктөштөр менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорго катышуу;
  • тармактык көргөзмөлөргө катышуу.

Конференциянын докладчылары ЕЭКтин өкүлдөрү, тышкы соода бөлүмдөрүнүн башчылары, ири өнөр жай компанияларынын жетекчилери болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0