Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт

Доллардын баасы 80 сомдон төмөндөдү

718
(жаңыланган 12:17 20.12.2020)
Белгилей кетсек, дээрлик бир ай бою доллардын наркы 84,9 сомду (сатуу) кармап турду, андан кийин кескин түшө баштады.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Доллардын баасы 80 сомдон төмөн түшүп кетти. Бул тууралуу Valuta.kg порталында жазылды.

Сатып алуунун орточо курсу 79,37 сомду, ал эми сатуу 79,77ни түздү. Бирок банктарда ар кандай көрсөткүчтөр болууда. Маселен, сатып алуу 79,2 сомдон 80,4 сомго чейин болсо, сатуу 79,6дан 80,8 сомго чейин деп турат.

Белгилей кетсек, дээрлик бир ай бою доллардын наркы 84,9 сомду (сатуу) кармап турду, андан кийин кескин түшө баштады.

718
Белгилер:
нарк, сом, доллардын курсу, Кыргызстан
Тема боюнча
Акча жасалма экенин кантип текшерсе болот? Улуттук банктын кеңештери
Улуттук банк доллар курсунун дароо түшүп кеткен себебин түшүндүрдү
Коопсуз шаар долбоорунун текшерүү борбору. Архивдик сүрөт

Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 700 млн. сомдон ашык каражат түшкөн

63
(жаңыланган 17:26 15.01.2021)
Министр "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн каражатка былтыр Тез жардам кызматына автоунаалар алынганын белгилеген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 721 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

"2020-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча көздөгөн максаттарга багытталууда. Мисалы, былтыр тез жардам автоунаалары алынган", — деди Мукашев.

Ушул эле маалымат жыйында министр Россия берген 20 миллион доллар кайда экенин жана 100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берүү процесси боюнча маалымат берген.

63
Белгилер:
акча, тез жардам, каражат, Коопсуз шаар
Тема боюнча
Февралда Бишкекте шаардык транспортту толук көзөмөлдөөчү департамент түзүлөт
"Коопсуз шаардын" акчасына 37 тез жардам унаасы сатып алынды. Видео
Базардагы сатуучу. Архивдик сүрөт

Топ-20. Былтыр Кыргызстанда эң көп кымбаттаган азыктардын тизмеси

137
(жаңыланган 17:12 15.01.2021)
Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасы декабрдан тарта байкаларлык кымбаттады. Сап башында сарымсак, өсүмдүк майы, картошка сыяктуу азыктар турат.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 17,6 пайызга кымбаттаганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Алар кайсы азык-түлүк экенин билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары комитеттин отчетторун карап чыкты. Негиз катары 2019 жана 2020-жылдардагы орточо баалар пайдаланылды.

Сарымсак. 71 пайызга кымбаттап, баасы жогорулаган товарлардын сап башына чыкты. Мурдагы жылы анын бир килограммын кыргызстандыктар орто эсеп менен 161 сомго алса, былтыр бул баа 276 сомго чыкты.

Уйдун майы. 54 пайызга кымбаттап, 108 сомдон 166 сомго көтөрүлдү.

Күн карама майы. 2019-жылы литри 95 сомдон сатылган май, 2020-жылы 52 пайызга баасын көтөрдү.

Картошка. Мурда 20 сомдук картошка азыр 30 сомдун тегерегинде.

Пахта майы. Азыр бир литр майды 145 сомдун тегерегиндеги акчага аласың. Мурда ал 100 гана сом болчу.

Бадыраң. 40 пайызга кымбаттап, учурда 156 сомдон сатылууда.

Койдун эти. Эттин бул түрү 34 пайызга кымбаттады.

Койдун майы. Койдун эти менен чогуу майынын баасы дагы асман чапчыды. Учурда бир килограмм май 212 сом.

Кумшекер. Мурда бир килограммы орто эсеп менен 42 сом болсо, жылдын аягында 54 сомго чыкты.

Помидор. 30 пайызга камбаттап, 98 сомдон 128 сомго чыкты.

Ошондой эле бул тизмеде лимон, жумуртка, уйдун боору, жылкы эти, ун, гречка, апельсин жана макарон азыктары бар.

137
Белгилер:
статистика, баа, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек ТЭЦи газга өтсө, жылуулук менен жарык канча эсе кымбаттайт
Өсүмдүк майы, шекер, картошка... Өзгөчө кымбаттаган товарлардын тизмеси
Мунай заттын баасы кымбаттады
Бишкектеги Токтогул Сатылгановтун эстелиги. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
16-январга караган түнү республика боюнча күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, январь
Тема боюнча
Жерге муз доору кайтышы мүмкүн