Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Элчи: Индия Кыргызстандын продукциясына муктаж

© Фото / пресс-служба посольства КР в РоссииКургатылган жемиштер. Архив
Кургатылган жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык дипломат ата мекендик азыктарды жеткирүүдө көйгөй бар экенин айтып, бирок Индия Кыргызстан менен Борбор Азиядан жашылча-жемиш алууга кызыкдар экенин белгиледи.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Индия Кыргызстандан чыккан экологиялык таза айыл чарба азыктарына кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев билдирди.

Ал ЕАЭБ менен Индиянын соода-экономикалык кызматташуусунун келечеги жөнүндөгү конференцияга катышкан.

"Индия экологиялык таза продукцияга муктаж. Ал эми бизде бал, кургатылган жемиш, жер-жемиш сыяктуу таза азыктар арбын", — деди Исаев.

Бирок бул товарларды Индияга жеткирүүдө бажы коюмдары кымбат болгондуктан көйгөй жаралып жатканы айтылды. Дагы бир маселе  — бул логистика. Ошентсе да аталган мамлекет Кыргызстан менен Борбор Азиядан жашылча-жемиш алууга кызыкдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0