Сом менен рубль долларга карата кайра алсырай баштады

Жазылуу
Бүгүн эртең менен акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда доллар 79,70 сомдон сатып алынып, 80,11 сомдон сатылып жатты. Кечээ эле доллар 80 сомдон төмөндөгөн.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 21-декабрда кечке жуук доллар кымбаттап, 81 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу Valuta.kg порталына жарыяланды.

Бүгүн эртең менен акча алмаштыруучу жайлар менен банктарда доллар 79,70 сомдон сатып алынып, 80,11 сомдон сатылып жаткан. Ал эми кечээ болсо чет элдик валюта 80 сомдон төмөндөгөн.

Бүгүн саат 18:00гө карата доллардын баасы төмөнкүчө:

  • Сатуу — 80,4 сомдон 80,6 сомго чейин;
  • Сатып алуу — 80,8 сомдон 81 сомго чейин.

Сомго рубль дагы таасир этип жатат. Москва биржасындагы доллардын саат 17:37ге карата (Бишкек убактысы боюнча) маалыматы төмөнкүчө:

  • Бүгүн — 75,12 рубль;
  • Эртең — 75,13.

Акыркы маалыматтар менен салыштыра турган болсок рубль 1,58-1,79 рублга арзандады.

Жаңылыктар түрмөгү
0