Бишкекте доллардын баасы кайрадан көтөрүлдү

© Фото / Pixabay / NikolayFrolochkinАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дээрлик бир ай бою доллардын наркы 84,9 сом (сатуу) болуп кармалып турду, андан кийин кескин түшө баштады. Эки күн мурда АКШ акчасынын наркы 80 сомдон төмөндөгөн эле.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте доллардын баасы кайрадан көтөрүлүп, 81 сомдон ашты. Бул тууралуу Valuta.kg порталында жазылды.

Бишкек убактысы боюнча саат 10.35те сатып алуунун орточо курсу 81.10 сомду, ал эми сатуу 81.50нү түздү. Бирок банктарда ар кандай көрсөткүчтөр болууда. Маселен, сатып алуу 81 сомдон 81.30 сомго чейин болсо, сатуу 81.40тан 81.70 сомго чейин деп турат.

Белгилей кетсек, дээрлик бир ай бою доллардын наркы 84,9 сом (сатуу) болуп кармалып турду, андан кийин кескин түшө баштады. Эки күн мурда АКШ акчасынын наркы 80 сомдон төмөндөгөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0