БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдө Евразия мамлекеттеринин коомдук диалогу үчүн кошумча аянтчалар түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Евразия интеграциясы" эл аралык бирикмесин түзүүнү демилгелеген "Туруктуу өнүктүрүү" форумунун уюштуруу комитетинин төрагасы Юрий Шувалов билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн Москва — Бишкек — Минск — Нур-Султан видеокөпүрөсүнө катышты.
"Евразия өнүктүрүү банкынын алкагында экономиканы өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү долбоорлорду талкууласа болот. Мында кеп каражаттын жоктугунда эмес, маселе Кыргызстандын өзүнүн жаратылыш ресурстарынын негизинде, инфраструктурасынын жана туризмди гүлдөтүүчү шарттардын базасында өнүгүүсүндө. Биз Ысык-Көлгө кубануу менен келип турабыз, ал жакка жалпы Евразиянын диалогу үчүн аянтча түзүү боюнча сүйлөшүп жатабыз", — деди Шувалов.Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасынын потенциалы кеңири.
"Кыргызстан "Ростех" жана башка россиялык корпорациялар менен кызматташып жатат. Республиканын экономикасынын өнүгүшү – шериктештиктин алдында турган маанилүү тапшырмалардын бири. Өлкөдөгү саясий кырдаал турукташып калса экономиканын өнүгүшүнө жакшы шарт түзүлөт", — деди Шувалов.
Буга чейин адис Кыргызстан ЕАЭБ менен Кытайдын кызматташуусуна ортомчу боло аларын белгилеген.
Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.
Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.
Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.
Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.
Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.
Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.
Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.
"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.
Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.
"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын, Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек — Будапешт — Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.
Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.
Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.
Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жакынкы аралыкта жергиликтүү ишкерлер өзүнүн продукциясын Wildberries онлайн платформасына чыгара алышат. Бул тууралуу "Кыргыз почтасы" ишканасынан билдиришти.
Аталган ишкана ата мекендик бизнести логистика жана товарларды маркалоо боюнча иш алып барат.
Учурда жиберилген товардын кайда экендигин аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган нерселерди — айырмалоочу белгилерди (штрих-код) тесттен өткөрүү жана бекитүү иштери жүрүп жатат.
Мындан сырткары, "Кыргыз почтасы" аталган процесс ишке киргенден кийин Кыргызстандагы бардык окуу борборлорунда Wildberries онлайн платформасы менен тааныштырган курстарды уюштурууга даяр. Аталган окуу борборлору Ош жана Жалал-Абад облустарында, Бишкек шаарында жайгашкан.Жакынкы күндөрү "Кыргыз почтасы" Wildberries онлайн платформасына жергиликтүү бизнестин киришин камсыздаган долбоордун башталышы жана маалымдоо курстарынын графиги боюнча кошумча билдирмекчи.
Эске салсак, 2021-жылдын январынан тарта өлкөдөгү бизнес климатты жакшыртуу жана жергиликтүү ишкерлерге жардам берүү максатында "Кыргыз почтасы" "Россия почтасы" менен биргеликте Wildberries кызматын кошуп, аталган платформага жеткиликтүүлүктү камсыздоо иштерин жасап келе жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +10…+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +6…+11 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +13…+15, Ош шаарында +16…+18 градус жылыйт.