Доллар кайра кымбаттай баштады. Улуттук банк себебин түшүндүрдү

© AFP / LAURENT FIEVETДоллардын символикасы. Архив
Доллардын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен акча алмаштыруучу жайларда доллар 80,9 сомдон сатып алынып, 81,3 сомдон сатылып жаткан. Бирок кечке жуук кымбаттап кетти.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Доллардын кымбатташына коронавирустун жаңы штаммынын жайылышы себеп болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкынан кабарлашты.

Бүгүн эртең менен акча алмаштыруучу жайларда доллар 80,9 сомдон сатып алынып, 81,3 сомдон сатылып жаткан. Бирок кечке жуук 82,46 (сатып алуу) жана 82,84 (сатуу) сомго чейин кымбаттады.

"Кыргызстанда акча калкыма режиминде болгондуктан курстун өзгөрүүсү кадыресе эле көрүнүш. Учурда коронавирустун жаңы штаммынын пайда болушунан улам доллар дүйнө жүзүндө, Кыргызстан менен өнөктөш мамлекеттерде дагы кунун бекемдеп жатат", — дешти башкы банктан.

Киши гипермаркетте. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баасы асмандаган азык-түлүк... Алакан жайган аткаминерлер себеби тууралуу
Ошондой эле бир катар мамлекеттерде кайрадан чектөөлөрдүн киргизилиши жана глобалдык экономикадагы негативдүү көрүнүштөрдүн күтүлүшү дагы ички валюта рыногуна таасир этип жатканы белгиленди.

"Акчанын баасы суроо талапка ылайык аныкталган мамлекеттерде валюта курсунун божомолу жөнүндөгү суроолор байма-бай берилип турат. Бирок бир дагы борбордук банктар, анын ичинде КРдин Улуттук банкы акча баасы боюнча божомолдорду жарыялабайт", — деп белгилешти Улуттук банктан.

Коронавирустун жаңы штаммы

14-декабрь күнү Улуу Британиянын саламаттык сактоо министри коронавирустун жаңы штаммы аныкталганын, ал азыркыга салыштырмалуу 70 пайызга тез жугарын айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0