БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында бир катар ишканалардын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Өкмөт башчы Балыкчы шаарындагы логистикалык борборго барган. Долбоордун курулушунун бир бөлүгү Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ишканада 30 адам эмгектенет, ал эми анын сактагычынын кубаттуулугу 2400 тоннаны түзүп, атмосферасы жөнгө салынат.
"Ишкананын жетекчилиги айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн бардык чынжырчасын, анын ичинде аны кайра иштетүү жана балдарга арналган тамактануу продукциясын чыгарууну өзүнө камтыган кластерди түзүү демилгеси боюнча маалымат берди. Буга катар алар өндүрүштү кеңейтүү үчүн жер тилкесин бөлүү зарылдыгын белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
Артем Новиков ошондой эле Каракол шаарындагы эт комбинатынын курулушунун жүрүшү менен таанышты, аны ишке киргизүү 2021-жылга пландаштырылган.
"Объектидеги курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын август айында башталган. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишкана үчүн жабдууну лизингге берет. Комбинаттын кубаттуулугу жылына 7200 тонна эт өндүрөт, 150 жумушчу орун түзүлөт", — дешти өкмөттөн.
Ишкананын максаты - асыл тукум чарбасын, окуу борборун түзүү, фермерлерди ишке тартуу, эт продукциясынын рыногун өнүктүрүү боюнча эт кластерин түзүү.
Новиков ошондой эле пандемия маалында жеке коргонуучу каражаттарды чыгара баштаган Ак-Суу районундагы Aiko-Seiko тигүү ишканасына барды.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районундагы экспортко багытталган "Ак-Жалга" сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкананын иши менен да таанышкан. 120 адам иштеген завод күнүнө 50 тонна сүттү кайра иштетет.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүн, 1-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү, тагыраагы, аны саат 00:00гө чейин тапшырып жетишип калуу керек. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.
"Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат. Эске салсак, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын жергиликтүү уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды тездетилген жана тоскоолдуксуз өткөрүү шарттарын түзүү үчүн ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн кайталанма функцияларын жүргүзүүгө тыюу салды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мурда товарды коштоочу документтерге ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өткөндүгү тууралуу маалымдама да талап кылынчу. Ошол эле учурда бул текшерүүлөрдү бажы чек арасын кесип өтүүдө да жүргүзүү керек болгон, мындай жагдай ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып келгени айтылат.
"Аталган көзөмөлдөн өтүү кайталанма мүнөзгө ээ жана ага көп убакыт талап кылынгандыктан, коштоочу документтердин тизмесинен алып салуу чечими кабыл алынды. Бул КРдин "бир аялдама" принциби боюнча товар экспорттоого мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жүргүзүлгөн процедураларды бир топ оптималдаштырууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бул токтом бажы чек арасында радиациялык, чек аралык, транспорттук (автомобиль) жана бажы контролун жүргүзүүгө тыюу салбай турганы белгиленет.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Россиялык космонавт Сергей Кудь-Сверчков Эл аралык космостук станциядан тартып алган Ысык-Көлдүн уникалдуу сүрөтүн Twitter-аккаунтуна жарыялады.
Озеро #ИссыкКуль — это драгоценный аквамарин в серебряной оправе заснеженных гор, бальзам, исцеляющий не только тело, но и душу, вдохновляющий людей вот уже многие столетия, сокровенная жемчужина Киргизии. pic.twitter.com/XmxhF8Jb7X
— Sergey Kud-Sverchkov (@KudSverchkov) February 28, 2021
"Ысык-Көл — бул кар баскан тоолордун ортосундагы баалуу аквамарин. Ал адамдын денесин гана эмес, жан дүйнөсүн дагы дарылаган бальзам. Жүздөгөн жылдардан бери адамдарга дем берип келе жаткан Кыргызстандын бермети", — деп жазылган сүрөттүн алдына.
Кадрдан Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы булут бурганагын көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулары космонавттан ушул сыяктуу сүрөттөрдү байма-бай чыгарып турууну суранышкан.