Акча жана лупа. Архивдик сүрөт

Тышкы карызды төлөө үчүн чогулган акча канча болду? Министрликтин жообу

711
(жаңыланган 13:15 24.12.2020)
Тышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке ар бир ыктыярчы жаран, ишкер же юридикалык тараптар акча которо алышат. Мындай эсепти ачуу менен бийлик казынадагы тартыштыкты жеңилдетүүгө үмүттөнөт.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсепке которулган каражаттын суммасы 29 миллион сомго жетти. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде айтты.

Эске салсак, ушул күздө өлкөдө тышкы карызды төлөө үчүн ыктыярчылардан алынган каражат топтолуучу эсеп ачылган. Журналисттер Кармышаковдон мурунку эсепке 3 миң доллар жана 800 миң сом түшкөндөгүдөй учур кайталанып калбайбы деген суроо узатышты.

"Жок, андай болбойт. Эсеп Борбордук казынада ачылат. Бүгүнкү күндө 29 миллион сомдон ашык каражат келип түштү. Анын 27 миллиону юридикалык жактардан, 2 миллиону жеке адамдар тарабынан которулган. Бул акчалар "сол чөнтөккө кетет" же максатсыз пайдаланылат деген шектүү ойлор болбошу керек. Алар Улуттук банктын көзөмөлүндө турган Казыналыкта ачылган максаттуу эсептер", — деди ал.

Буга чейин Кармышаков брифингде Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тарабынан которулган каражаттар кайда жумшаларын айткан.

711
Белгилер:
депозит, эсеп, Акча которуулар, Финансы министрлиги, карыз
Тема боюнча
Ташиев Райым Матраимов 2 млрд. сомду кандай жол менен кайтарганын айтты
Үй-бүлө жаңы үйдүн батирин карап жатышат. Архив

Ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

70
(жаңыланган 11:39 01.12.2021)
Бул мыйзамдын максаты — кыргызстандыктар үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу экени айтылды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө кол койгон мыйзамга ылайык, ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

"Жапаров “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы боюнча мурдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген жаңы мыйзамга кол койду. Максат — Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат", — деп жазылган таратылган маалыматта.

 Билдирүүдө мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралганы айтылган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетмекчи.

 "Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт", — деп белгиленген анда.

Быйылкы жылдын октябрь айында МИК мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтыларын билдирген эле. 

70
Белгилер:
Кыргызстан, ипотекалык насыя, кредит, мөөнөт
Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү
Тема боюнча
Чыгымды азайтуунун ыкмалары. Кыргызстандыктарга 8 кеңеш
4-8 пайыз менен. Сентябрдан тарта ишке аша турган мамлекеттик ипотеканын шарты
Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген туристтик жайдын долбоору

Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт

514
(жаңыланган 13:48 30.11.2021)
Туристтик жайга каражатты Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду бермекчи. Анын аймагына саркынды сууларды тазалоочу система жана чакан ГЭС курулары айтылды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген, меймандарды тейлей турган комплекстин курулушуна акча берет. Бул туурасында аталган фонддун маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ РКӨФ Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган инвестициялык долбоорду каржылоону бекиткен. Ал ири долбоор "Ала-Тоо — Көл-Төр аймагы" комплекси деп аталат. Меймандарды тейлеген жайдын Кегетидеги токойчулугунун аймагында, Көл-Төргө бара жаткан аймакта жана анын жээктеринде курула тургандыгы айтылды.

"РКӨФ финансылай турган сумма 380 000 долларды түзөт. Каражат этностилде салына турган, жылдын төрт мезигилинде тең меймандарды кабыл алууга ылайыкталган заманбап комплекстин курулушуна берилет. Аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө бараандуу салымын кошо турган бул долбоор өлкөбүздөгү атандаштыкка туруштук бере алган багытта", — деп айтып беришкен РКӨФтөн.

Аталган комплекс ишке кирип калса жергиликтүү 30 киши туруктуу жумуш менен камсыз болмокчу.

Долбоордо саркынды сууларды тазалоочу системаны жана чакан ГЭСти куруу менен экологиялык коопсуздукту сактоо боюнча бардык эреже-талаптар сакталары айтылды.

Кегети капчыгайы Бишкектен 80, Токмок шаарынан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Анда бийиктиги 20 метрди түзгөн Кегети шаркыратмасы орун алган. Капчыгайдын эң бийик чекити деңиз деңгээлинен 3 200 чакырымды түзөт.

Ал Кыргыз тоо кыркасынын бир бөлүгү болуп эсептелет.

514
Белгилер:
Кыргызстан, Токмок, Кегети капчыгайы, туристтик комплекс
Тема боюнча
Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу
Жогорку Кеңештеги депутаттын орун жайы. Архивдик сүрөт

Үч депутаттын кол тийбестигин карачу комиссия түзүлдү. Курамы

0
(жаңыланган 12:32 01.12.2021)
Комиссиянын чечимине карап парламент кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же бербөө маселеси добуш берүү менен чечилет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновдун кол тийбестигин ажыратуу сунушун иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн комиссиянын курамына жети депутат кирди. Алар төмөнкүлөр:

  • КСДПдан Евгения Строкова;
  • "Республика Ата-Журт" фракциясынан Авазбек Абдугапаров;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Алмаз Токторов;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Канат Исаев;
  • "Өнүгүү" фракциясынан Тазабек Икрамов;
  • "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров;
  • "Ата Мекен" фракциясынан Эмил Токтошев.

Комиссиянын курамына кирген эл өкүлдөрү бир айлык мөөнөттүн ичинде иликтеп, парламентке баяндама жасашы керек. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же бербөө маселеси добуш берүү менен чечилет.

Буга чейин да 27-ноябрда эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, Асылбек Жээнбеков, кол тийбестик, комиссия
Тема боюнча
Беш депутат келди. Парламенттин кезексиз жыйыны кворум жок өтпөй калды