Кыргызстанга берилчү 100 млн. долларлык кредит эмне болду. Министрликтин жообу

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ долларлык купюралар. Архив
АКШ долларлык купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ноябрь айынын орто ченинде Кыргызстандын жогорку кызматтагы адамдары 100 миллион долларлык насыя маселесин чечүү максатында Москвага барышкан.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Кыргызстанга 100 миллион долларды качан бөлөрү айтыла элек. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков билдирди. Ал "КР бюджетинин дефицити: пенсияны төлөө жана мамлекеттик карыз боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө" аттуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, маселе азырынча чечиле элек.

"Ноябрь айынын орто ченинде биринчи вице-премьер (сөз Артем Новиков жөнүндө болуп жатат. Новиков ал учурда премьер-министрдин милдетин аткара элек болчу) менен менин кесиптешим, финансы министринин орун басары ушул маселе боюнча Москвага барышкан. Учурда сүйлөшүү процессинде тактай турчу жагдайлар талкууланууда. Бул жылы маселени толук чечүүгө мүмкүн болбой калды го", —  деди ал.

Кармышаков кечээ анын кесиптештери Россиянын Финансы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кошумчалады.

Иллюстрация однодолларовой купюры в медицинской маске - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан чет өлкөлүк донорлордон дагы 429 млн. доллар күтүп жатат
Бул эмне болгон кредит

Үстүбүздөгү жылдын август айында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун кеңеши Кыргызстанга 100 миллион доллар кредит берери белгилүү болгон. Келишим ратификацияланып, бирок октябрь окуяларынан кийин каржылоо токтотулган. Декабрдын башында каражат бөлүү маселеси аталган фонддун акционерлерине байланыштуу экени айтылган.

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду – бул 2009-жылы Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан түптөгөн, көлөмү 8,5 миллиард долларлык аймактык финансылык механизм.

Жаңылыктар түрмөгү
0