Новиков Жалал-Абадга барып, алтын кендердин ишин көрөт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчынын милдетин аткаруучу өндүрүштүк жана социалдык объектилерди кыдырат.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Новиков бир катар өндүрүштүк жана социалдык объектилердин иши менен таанышат.

Ошондой эле "Терек-Сай" кениндеги алтын чыгаруучу фабрикага жана "KAZ Minerals Бозымчак" кенине барары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0