Доллар кайра арзандай баштады

© AFP / PATRICK LINАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банк менен алмаштыруучу жайларда доллардын баасы боюнча ар кандай көрсөткүчтөр болууда. Негизинен чет элдик валюта бир кыйла арзандаган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Бүгүн эртең менен алмаштыруучу жайлар менен банктарда доллар менен евро бир кыйла арзандады.

Valuta.kg порталындагы маалыматка ылайык, доллардын орточо баасы 81,61 сомдон сатып алынып, 82,2 сомдон сатылууда.

Ал эми банк менен акча алмаштыруучу жайларда ар кандай көрсөткүчтөр болууда. Маселен, сатып алуу 81,50 сомдон 81,70 сомго чейин болсо, сатуу 81,90дон 82,20 сомго чейин деп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0