Кыргызстандын тикмечилери цехи. Архивдик сүрөт

КР тикмечилерине Россияга товар алып кирүүдө жаңы талап коюлду

163
(жаңыланган 12:57 28.12.2020)
Экономика министрлиги ата мекендик экспортчуларга текстилдик товарларды алып чыгуудан мурда маркалоо маселелерин чечип, Россиядагы импортчулар менен маселени такташып алууну сунуштап жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. 2021-жылдын 1-январынан тарта Россиянын аймагына киргизилген жеңил өнөр жай товарлары милдеттүү маркалоодон өтүшү керек. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим 2019-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңешмесинде кабыл алынган.

Кайсы товарлар маркаланышы керек:

  • таза жана аралаш булгаары кийим-кечек;
  • аялдардын блузкалары;
  • пальто, плащ, күрмө сыяктуу эркектердин кийимдери;
  • пальто, плащ, күрмө сыяктуу аялдардын кийимдери;
  • кездемеден тигилген шейшеп, сүлгү, майлык сыяктуу чарба буюмдары.

Мындан улам Экономика министрлиги ата мекендик экспортчуларга текстилдик товарларды алып чыгуудан мурда маркалоо маселелерин чечип, Россиядагы импортчулар менен маселени такташып алууну сунуштоодо.

Буга чейин Экономика министрлиги менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Легпром", JIA ассоциациялары менен жыйындарды өткөрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылды.

Маркалоонун максаты — Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

163
Белгилер:
марка, Жеңил өнөр жайы, Россия, Кыргызстан, кыргызстандыктар
Тема боюнча
ЕАЭБ элчинин дары өндүрүү боюнча Индиядан сабак алуу сунушун жактырды
ЕАЭБ мамлекеттеринин Индия менен соода алакасы. Статистика
Баткен облусунун кире бериши. Архив

Баткендин 19 айыл аймагынын ар бирине 100 миң долларлык субгрант берилет

129
(жаңыланган 18:24 22.01.2021)
Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана айылдарда алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Баткен облусунун 19 айыл аймагы социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү үчүн каржылык колдоого ээ болот. Бул тууралуу өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Каржылоонун алкагында тандалган ар бир айыл аймакка берилүүчү ар бир субгрант орточо 100 миң долларды түзөт.

Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда "CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо" долбоору үчүн 21,0 миллион доллар кошумча каржылоо боюнча макулдашылган. Айылдарга жардам ушул макулдашуунун алкагында берилмекчи.

"Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыртууга жана айылдарда алгачкы медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталат. Ошондой эле калктын аяр катмарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. COVID-19 пандемиясынан улам пайда болгон тобокелдикти азайтууга, айылдын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга жардам берет. Анын катарында алгачкы медициналык жардам көрсөтүү пунктуларына же суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена менен байланышкан муктаждыктарга көмөк көрсөтөт", — деп айтылат маалыматта.

Ага кошумча, айыл чарба өндүрүшү жана кайра иштетүү, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр, элдик чеберчилик жана тигүү буюмдарын өндүрүү, санариптештирүү жаатында жаштарды жана аялдарды колдой тургандыгы айтылды.

129
Белгилер:
дүйнөлүк банк, жардам, Баткен облусу
Тема боюнча
Былтыр Баткенде 1000дей ишкер мамлекеттен жеңилдетилген насыя алды
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары жыйыны. Архив

Февралда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылары Алматыда чогулат

57
(жаңыланган 16:57 22.01.2021)
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларын чогулткан иш-чаралар коңшу Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.

Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.

57
Белгилер:
жыйын, жолугушуу, өкмөт, Евразиялык экономикалык биримдик, Алматы
Тема боюнча
ЕАЭБ: союздаштар саясатты шайкеш келтирүүгө мезгил жетти
Артем Новиков ЕЭК кеңешинин соңку жыйынына катышты. Талкууланган маселелер
Автоунаа айдаган киши. Архив

Бишкекте электрондук айдоочулук күбөлүктүн пилоттук долбоору ишке кирет

0
Аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Быйыл санариптештирүүнүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жана автоунаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган долбоор пилоттук негизде адегенде Бишкек шаарында башталат.

"Пилоттук түрдө сыналуучу долбоордо унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет. Электрондук документтер мобилдик тиркемелер аркылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылы "Унаа" ишканасы тарабынан автонуааларга 413 миң 218 мамлекеттик номер белгилери, 250 миң 038 транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүктөр берилген.

Ал эми эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк алгандардын саны 189 миң 526 адамга берилген.

0
Тема боюнча
Автоунаа номерлерин сатуудан өлкө бюджети 70 млн. сомго толукталды
"Унаа" ишканасынын кызматтары 1-январдан тарта арзандайт. Жаңы тариф