БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ошто Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз аракети менен мамлекетке 2 миллион 750 сомдук зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Тагыраак айтканда, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2009-жылы кабыл алынган мыйзамсыз токтому менен Т. Абакир уулу атындагы стадионго тиешелүү жердин 816 чарчы метри О.Т. аттуу жаранга берилип кеткенин райондук прокуратура аныктаган.
"Тергөө маалында жогорудагы социалдык багыттагы жер тилкенин базар баасы 2 миллион 750 миң сом экени маалым болду. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган факты Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен КЖБРге катталып, тергөө амалдарын уюштуруу үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, айыл өкмөттүн жерди ажыратып берүү жөнүндөгү мыйзамсыз токтомун жана соода-сатык келишимин жокко чыгаруу боюнча сотко арыз берилип, каралып жатканы белгиленет.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 721 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
"2020-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча көздөгөн максаттарга багытталууда. Мисалы, былтыр тез жардам автоунаалары алынган", — деди Мукашев.
Ушул эле маалымат жыйында министр Россия берген 20 миллион доллар кайда экенин жана 100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берүү процесси боюнча маалымат берген.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 17,6 пайызга кымбаттаганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алар кайсы азык-түлүк экенин билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары комитеттин отчетторун карап чыкты. Негиз катары 2019 жана 2020-жылдардагы орточо баалар пайдаланылды.
Сарымсак. 71 пайызга кымбаттап, баасы жогорулаган товарлардын сап башына чыкты. Мурдагы жылы анын бир килограммын кыргызстандыктар орто эсеп менен 161 сомго алса, былтыр бул баа 276 сомго чыкты.
Уйдун майы. 54 пайызга кымбаттап, 108 сомдон 166 сомго көтөрүлдү.
Күн карама майы. 2019-жылы литри 95 сомдон сатылган май, 2020-жылы 52 пайызга баасын көтөрдү.
Картошка. Мурда 20 сомдук картошка азыр 30 сомдун тегерегинде.
Пахта майы. Азыр бир литр майды 145 сомдун тегерегиндеги акчага аласың. Мурда ал 100 гана сом болчу.
Бадыраң. 40 пайызга кымбаттап, учурда 156 сомдон сатылууда.
Койдун эти. Эттин бул түрү 34 пайызга кымбаттады.
Койдун майы. Койдун эти менен чогуу майынын баасы дагы асман чапчыды. Учурда бир килограмм май 212 сом.
Кумшекер. Мурда бир килограммы орто эсеп менен 42 сом болсо, жылдын аягында 54 сомго чыкты.
Помидор. 30 пайызга камбаттап, 98 сомдон 128 сомго чыкты.
Ошондой эле бул тизмеде лимон, жумуртка, уйдун боору, жылкы эти, ун, гречка, апельсин жана макарон азыктары бар.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.