БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бир ай ичинде Улуттук банктын алтын резерви 1 миллиард 646,6 миллион сомго азайды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.
Эске салсак, ноябрь айынын башында резервдин көлөмү 83 миллиард 11,1 миллион сомго жетип (рекорд), декабрдын башында 81 миллиард 364,5 миллионго түштү. Бирок себеби айтылган жок.
Белгилей кетсек, кечээ кечинде Лондондогу баалуу металлдар ассоциациясы алтындын унцийи (31,1 грамм) 79 долларга арзандап, 1 810,75 долларды түзгөнүн билдирди. Муну дээрлик дүйнөлүк баа деп айтууга болот.
Бул жылы КР Улуттук банкы алтынды көп сатып алды. Мисалы, жыл башында запастын баасы 49 миллиард сомдон азыраак эле.Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) сыяктуу ондогон валютасынан жана алтындан турат.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышууда.
Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.
"Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деди Абжапарова.
Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюталык резерви төртүнчү ай удаасы менен кыскарып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
Эскерте кетсек, алтын валюталык резерв август айында рекорддук көрсөткүчкө жетип, анан төмөндөй баштаган:
Белгилеп кетсек, бул мезгил аралыгында Улуттук банк 246,3 миллион, анын ичинде декабрда 21 миллиондон ашык доллар саткан.
Ушул эле убакытта дүйнөлүк рынокто алтындын унциясы 96 долларга төмөндөгөн. Бул баалуу металл Кыргызстандын резервинин олуттуу бөлүгүн түзөт.