Завод. Архив

Кыргызстанда келерки жылы 1000 жана 500 жумушчу орундуу эки завод ачылат

184
(жаңыланган 13:41 30.12.2020)
Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, жаңы ишке кире турган компания толук кубаттуулукта иштөөсү жана бюджетке жакшы киреше алып келиши үчүн бардык шарттар бар.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Келерки жылы эки өнөр жай объектисин ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, Кемин районунда 1000 жумушчу орунга ылайыкташкан ишкананы ачуу пландалууда.

Председатель Государственного комитета промышленности, энергетики и недропользования Жыргалбек Сагынбаев в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев
"2021-жылы Кеминге цемент заводун ачуу пландаштырылып, курулуш иштери башталган эле, бирок энергетиктер каршы болгону үчүн иш токтоп калды. Анткени жакын жерде подстанция бар. Кытайдан келген инвесторлор менен жолугушуу болуп бардык коопсуздук маселелери чечилди. Ал жерде булганууга каршы чыпкалар болот", — деди ал.

Сагынбаев, ошондой эле, 2021-жылы Чүй облусунун Панфилов районунда "Металл-Кен" компаниясына таандык ишкана ачылары күтүлүп жатканын кошумчалады.

"Инвестор бул долбоорго 50 миллион доллар жумшады. Жакында биз премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен ишканага барып, учурда чечилип жаткан маселелер менен таанышып кайттык. Ишкана ишке киргенден кийин 500 адам жумуш менен камсыз болот", — деди Сагынбаев.

Комитет жетекчисинин айтымында, компания толук кубаттуулукта иштөөсү жана бюджетке жакшы киреше алып келиши үчүн бардык шарттар бар. Буга чейин өкмөт заводдо негизги металлдарды кайра иштетүү жана өндүрүү иши жүрөрүн билдирген.

Мындан тышкары, Сагынбаев Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводдоруна да токтолуп өттү.

184
Белгилер:
орун, жумуш, ишкана, өнөр жай, компания
Тема боюнча
Жалал-Абадда жүргөн Новиков тоо-кен ишканаларынын жумушу менен таанышты
Экономист Нургүл Акимова

Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

7
Экономист Нургүл Акимова учурдагы экономикалык кризистен чыгуу үчүн саясий туруктуулук камсыздалышы зарыл экендигин белгиледи.
Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.

"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.

Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.

7
Белгилер:
сот, ишкер, экономика, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архивдик сүрөт

Бишкекте айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт

64
Министр Тилек Токтогазиев дүйнөдөгү айыл чарбанын тез өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттар түзүлүшү керектигин айткан.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.

"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.

Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.

64
Белгилер:
жыйын, Тилек Токтогазиев, өнөр жай, тамак-аш, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда былтыр канча азык-түлүк өндүрүлдү. Сандар
Мектеп окуучулары. Архив

Бишкектин эки мектебинен COVID жугузгандар аныкталды. Мэриянын кайрылуусу

688
(жаңыланган 18:46 24.01.2021)
Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.

"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу  экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.

Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.

688
Белгилер:
мектеп, окуучу, коронавирус, Бишкек мэриясы
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Баткендин мектептери толугу менен кадимки режимге өттү