БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 2020-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 24 миллиард 721,2 миллион сом кетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жазылган.
Башында бул максатка 28,8 миллиард сом сарптоо пландалган. Доллардын курсунун көтөрүлүшү жана башка себептерден улам сумма 32,8 миллиард сомго чыгып кеткен, бирок кредиторлор менен сүйлөшүп, кайра азайтылган.
11 ай ичинде төлөнгөн каражаттар:
Белгилей кетсек, жогорудагы сумманын 18,2 миллиарды бересенин негизги суммасын жабууга кетти. Калгандары пайыз катары төлөндү.
Ноябрь айынын аягындагы маалымат боюнча, КРдин мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардын чегинде.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Азыр мамлекеттик ипотека алуу үчүн документтерди тапшырууга болгону жарым сааттык убакыт талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өтүп жаткан брифингге катышууда.
Абжапарованын айтымында, былтыркы жылдан тарта арыздарды кабыл алуу үчүн электрондук портал ишке киргизилген.
"Мурда документтерди тапшырууга орто эсеп менен үч айдай убакыт кетчү. Кагаздарды чогултууга эле бир топ убакыт, каражат талап кылынчу. Азыр ар бир адам өзүнүн уюлдук телефону аркылуу жарым сааттын ичинде ишин бүтүрүп алат. Портал "Түндүк" системасына кошулган. Андыктан мурда жаран кезекте туруп, кагаз түрүндө алган документтерди азыр өзүбүз даярдап алабыз", — деди Абжапарова.
Ошондой эле ал учурда бул багыт бир топ өнүккөн Азербайжан менен тажрыйба алмашуу болуп жатканын кошумчалады.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандын алтын валюталык резерви төртүнчү ай удаасы менен кыскарып жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматтарында айтылат.
Эскерте кетсек, алтын валюталык резерв август айында рекорддук көрсөткүчкө жетип, анан төмөндөй баштаган:
Белгилеп кетсек, бул мезгил аралыгында Улуттук банк 246,3 миллион, анын ичинде декабрда 21 миллиондон ашык доллар саткан.
Ушул эле убакытта дүйнөлүк рынокто алтындын унциясы 96 долларга төмөндөгөн. Бул баалуу металл Кыргызстандын резервинин олуттуу бөлүгүн түзөт.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду расмий беттештерде киргизген голдорунун саны боюнча футбол тарыхында биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
35 жаштагы спортчу кечээ Италиянын Суперкубогу үчүн "Наполи" менен оюнда гол киргизди. Беттеш 2:0 эсеби менен туриндиктердин пайдасына аяктаган.
Бул Роналдунун профессионалдык карьерасындагы клуб жана улуттук командасы үчүн киргизген 760-голу болду. Муну менен ал Австрия жана чехословакиялык футболчу Йозеф Бицандан ашып өттү. 1950-жылдары ойногон чабуулчу атаандаштарынын дарбазасына 759 ирет топ киргизген.