БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Электрондук документ түрүндөгү салык отчёттуулугун милдеттүү түрдө тапшыруу мөөнөтү ушул жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тактап айтканда, уюмдар менен жеке ишкерлер салык отчётторун квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен аралыктан тапшыруу чечими 1-январда күчүнө кирмек.Мөөнөтүн узартуу чечимине премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кечээ, 31-декабрда, кол койгон.
Ал эми жеке ишкерлердин аталган саамалыкка өтүү мөөнөтү 2022-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизилет.
Отчётту электрондук форматта берүүнүн негизги максаты — кызматтарды онлайн көрсөтүүгө өткөрүү менен ишкерлер үчүн жагымдуу шарт түзүп берүү.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 721 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
"2020-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча көздөгөн максаттарга багытталууда. Мисалы, былтыр тез жардам автоунаалары алынган", — деди Мукашев.
Ушул эле маалымат жыйында министр Россия берген 20 миллион доллар кайда экенин жана 100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берүү процесси боюнча маалымат берген.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 17,6 пайызга кымбаттаганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алар кайсы азык-түлүк экенин билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары комитеттин отчетторун карап чыкты. Негиз катары 2019 жана 2020-жылдардагы орточо баалар пайдаланылды.
Сарымсак. 71 пайызга кымбаттап, баасы жогорулаган товарлардын сап башына чыкты. Мурдагы жылы анын бир килограммын кыргызстандыктар орто эсеп менен 161 сомго алса, былтыр бул баа 276 сомго чыкты.
Уйдун майы. 54 пайызга кымбаттап, 108 сомдон 166 сомго көтөрүлдү.
Күн карама майы. 2019-жылы литри 95 сомдон сатылган май, 2020-жылы 52 пайызга баасын көтөрдү.
Картошка. Мурда 20 сомдук картошка азыр 30 сомдун тегерегинде.
Пахта майы. Азыр бир литр майды 145 сомдун тегерегиндеги акчага аласың. Мурда ал 100 гана сом болчу.
Бадыраң. 40 пайызга кымбаттап, учурда 156 сомдон сатылууда.
Койдун эти. Эттин бул түрү 34 пайызга кымбаттады.
Койдун майы. Койдун эти менен чогуу майынын баасы дагы асман чапчыды. Учурда бир килограмм май 212 сом.
Кумшекер. Мурда бир килограммы орто эсеп менен 42 сом болсо, жылдын аягында 54 сомго чыкты.
Помидор. 30 пайызга камбаттап, 98 сомдон 128 сомго чыкты.
Ошондой эле бул тизмеде лимон, жумуртка, уйдун боору, жылкы эти, ун, гречка, апельсин жана макарон азыктары бар.
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын администрациясына тапанча көтөрүп кирип айыл өкмөт башчыны коркуткан киши кармалды. Бул туурасында Нарын облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Милицияга 12-январь күнү саат 16:30дар чамасында колуна тапанча кармаган белгисиз мас киши келип ызы-чуу салып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам-тергөө тобу барганда 41 жаштагы А.Е. аттуу жергиликтүү тургун газ-пневматикалык тапанчаны эч кандай тийиштүү документи жок көтөрүп жүргөнү аныкталган.
“Мас абалында келген киши коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик администрациянын жетекчисинин кабинетине кирип куралы менен чапкан. Денесине зыян келтирип, сөгүнүп, сабап саларын айтып коркуткан. Ошол учурда ал кармалып, 14-январда Ак-Талаа райондук сотунда баш коргоо чарасы тандалып, эки айга камалды”, — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ак-Талаа РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.