Былтыр алтын куймасын сатып алгандар азыр бир топ пайда көрмөк. Рынокко саресеп

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймалары. Архив
Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы жылы Улуттук банктын алтын куймаларынан алгылыктуу киреше табууга мүмкүн болгон. Ал эми былтыр абал кандай болду?
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өткөн жылы валюта курсу жана алтын баасы улам өзгөрүп жатты. Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук банктын алтын куймалары менен иштеп пайда көрсө болот беле деген суроонун түйүнүн табууга аракет кылды. 
2020-жылдын 8-январынан быйылкы жылдын 4-январына чейинки мезгилди салыштырабыз. Аталган даталар жыл башындагы алгачкы жумуш күнү болгондуктан тандалып алынды.

Куймалар тууралуу кыскача 

КРдин Улуттук банкы жарандар инвестиция кылып же каражатын сактоосуна шарт түзүү үчүн 2015-жылдан тарта алтын куймаларын сата баштаган. Башкы банк сатуу менен эле чектелбей, кайра дагы сатып алып жаткан. Куймаларды сатуу жана сатып алуу наркы күн сайын Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (дүйнөлүк баага барабар) кечки фиксингинин негизинде аныкталат. Демек, баанын термелип турушунан иштеп калууга мүмкүнчүлүк бар. Куймалардын 1ден 100 граммга чейинки салмактагы алты түрү сатыкка коюлат.
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын алтын запасы бир айда 1,6 млрд. сомго түшүп кетти
Алтындын дүйнөлүк баасы
Лондон рыногунун соңку маалыматтары узаган жылдын 30-декабрында коюлган. 8-январдан бери трой унциясынын баасы 315,65 долларга жогорулап, жалпы наркы 1 887,6 долларды түзгөн.
Бирок жыл ичинде баалар термелип турду, мисалы, мартта 1500 доллардан төмөн болсо, августта 2000ден ашкан.

Улуттук банктын куймаларынан кантип пайда тапса болот

Төмөндө сатуунун наркы бүгүн өткөн жылдын 8-январына салыштырмалуу кандай өзгөргөнү көрсөтүлөт:
  • бүгүн 1 граммы  6 581 сом (1 564 сомго көбөйдү);
  • 2 грамм — 12 043 (3 125 сомго көбөйдү);
  • 5 грамм — 28 771,50 (7 853 сомго көбөйдү);
  • 10 грамм — 53 522,50 (12 949 сомго көбөйдү);
  • 31,1 грамм (трой унциясы) — 165 747.50 (39 574 сомго көбөйдү);
  • 100 грамм — 530 169 (165 790 сомго көбөйдү).
Аны менен катар былтыр 8-январда алтын куймасын сатып алып, быйыл 4-январда Улуттук банкка сатсаңыз канча сом табарыңызды эсептеп көрдүк. 
  • 1 грамм — 1531 сом;
  • 2 грамм — 3 077;
  • 5 грамм — 7 767;
  • 10 грамм — 12 366,5;
  • 31,1 грамм — 37 124,5;
  • 100 грамм — 150 348.
Доллардын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллар кайра кымбаттай баштады. Улуттук банк себебин түшүндүрдү
Баанын өзгөрүшүнө карап динамиканы болжоп алгандар мындан дагы көп тапты десек болот. 
Себеби сатуу да, сатып алуу да 20-мартта эң төмөнкү чекке түшкөн (10 граммдыкты кошпогондо, анда ал сатууга чыга элек болчу), ал эми эң жогорку баа 6-ноябрда болгон.
Эгер эң төмөн баада сатып алып, жогорку чегине жеткенде сатып жиберишсе, мындайча пайда көрмөк:
  • 1 грамм — 1 734,5 сом;
  • 2 грамм — 3 483,5;
  • 5 грамм — 8 790,5;
  • 10 грамм — 17 453;
  • 31,1 грамм — 53 140;
  • 100 грамм — 166 299.
Эскерте кетсек, жыл башында доллардын курсу 69,5 сомду түзгөн, кийинчерээк ал 85 сомго чейин жетти. Азыркы тапта 83,5 сом болуп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0