БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов "Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам узаган жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мыйзамдын максаты — көмүскө мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу менен экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу. Айрым экономикалык жана салыктык кылмыштар, ошондой эле менчикке каршы кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыгына каршы жасалган кылмыштар үчүн материалдык зыянды өз ыктыяры менен жабууга түрткү берүү.
Документти Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Салайдин Айдаров жана Акылбек Жапаров демилгелеген.
Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.
"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.
Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.
Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.
"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.
Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкектин эки мектебинин окуучуларынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иликтей келгенде ал окуучулардын үйүндө вирус жугузуп алгандар болгону такталды. Учурда балдар менен бир класста окугандардын бардыгы эки аптага аралыктан окууга жиберилди. Ал эми мугалимдер ПЦР-тест тапшырууга жөнөтүлдү.
"Урматтуу ата-энелер! Эгер үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүңөрдү өтүнөбүз. Албетте, сиздерге дагы оңой болуп жаткан жок, бирок силердин жоопкерчилигиңерге башка адамдардын өмүрү жана ден соолугу байланыштуу экенин унутпагыла”, — деп өтүнүштү мэриядан.
Эске салсак, Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстардын окуучулары мектепке бара баштаган.