БИШКЕК, 6-янв. – Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү республикалык бюджетти колдоо максатында жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачууну көздөп жатат. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Андагы маалыматка караганда, токтомдун аткарылышын өкмөт аппаратынын Финансы жана кредит саясаты бөлүмү көзөмөлгө алат.
"Жалпы мамлекеттик эсепти Финансы министрлиги Бирдиктүү казыналык эсептин алкагында ачат. Ага жеке жана юридикалык жактар, Кыргызстандын резиденттери жана резидент эместер акча которо алат", — деп айтылат токтомдо.
Мындан сырткары, коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражат дагы бул эсепке салынары белгиленген.
Эске салсак, 2020-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн депозиттик эсеп ачылган. Акыркы ирет, 24-декабрда, финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков эсепке түшкөн акчанын суммасы 29 миллион сомго жеткенин айткан.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
"CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөнү айтылат.
Бул багытта өткөн жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик башчылары катышкан.
"Каражат COVID-19 пандемиясында жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этаптагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалмакчы. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион доллар, анын 50 пайызы грант түрүндө эсептелет.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документти өкмөттүн сайтынан көрүүгө болот.
Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода жана кино индустриясы, видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт искусствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.
"Кыргызстандын бул секторлорду өнүктүрүү боюнча потенциалы чоң, бирок акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү бир пайыздан ашпай келет. Анткени көпчүлүгү көмүскө иштеп жатат. Бул документ тармакты өнүктүрүп, жолго коюуга шарт түзөт", — деп айтылат негиздемеде.
Эске салсак, Экономика министрлиги аталган концепцияны 2020-жылдын август айынан бери колго алган.
Ведомство креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.