БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Экономика министрлигинин күйүүчү майдын баасынын кымбаттоосу боюнча прогнозуна каршы пикир айтты.
Буга чейин жергиликтүү ЖМКларда экономика министрлигинин күйүүчү майдын баасы 7-15 сомго чейин көтөрүлөт деген божомолу чыккан. Ассоциация мындай билдирүүнү негизсиз деп баалашты.
"Кыргызстанда беш жылдан бери, тагыраагы, ЕАЭБдин техникалык регламенти иштеп баштаганга чейин эле К4 жана К5 классындагы нефть азыктары сатылып келет. Ошол эле учурда К5 классындагы күйүүчү май менен эч бир класска кирбеген майдын ортосундагы айырма литрине бир сомдон төмөн. Мындан улам министрликтин техникалык регламентинин кириши менен күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн деген билдирүүсүн негизсиз деп эсептейбиз", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, жаңыланган регламентте баанын кымбатташы боюнча так айтылып, эсептөө жолу дагы көрсөтүлгөн эмес. Мындан улам нефтетрейдерлер министрлик эмненин негизинде мындай прогноз жасаганын түшүндүрүп берүүсүн талап кылууда.
"Экономика министрлиги коомчулукту адаштырып, башка товарлардын кымбаттап кетишине негиз болчу билдирүүлөрдү таратпоого чакырабыз. Мындан тышкары, ведомство күйүүчү майды импорттоо боюнча техникалык регламент 2019-жылдын 12-августунда күчүнө кирген деген маалыматы менен өз сөзүнө өзү каршы чыгып жатат. Анда эмне себептен күйүүчү май ошол учурда кымбаттаган жок эле", — деди нефтетрейдерлер.
Ошондой эле ассоциация К2 жана К3 үлгүсүндөгү күйүүчү майларды импорттоого тыюу салууну талап кылып жатканын айтып, бирок Экономика министрлиги бул жаат боюнча кайсы ишканаларга жеңилдик бере турганын так айтышын талап кылды. Маалыматка караганда, бул жергиликтүү нефть иштетүүчү заводдор, аларга модернизация үчүн убакыт талап кылынат.
Башында күйүүчү май боюнча техникалык регламентке өтүү мөөнөтү 2021-жылдын 21-августуна чейин деп белгиленген. Бирок Экономика министрлиги жергиликтүү заводдор К4 жана К5 классындагы майды өндүрүүгө даяр эмес болгондуктан, иш токтоп калбаш үчүн мөөнөттү дагы эки жылга жылдырган.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
"CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөнү айтылат.
Бул багытта өткөн жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик башчылары катышкан.
"Каражат COVID-19 пандемиясында жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этаптагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалмакчы. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион доллар, анын 50 пайызы грант түрүндө эсептелет.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Экономика министрлиги креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча концепция иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Документти өкмөттүн сайтынан көрүүгө болот.
Бул тармакка реклама, архитектура, искусство, интерьер дизайны, мода жана кино индустриясы, видео өндүрүш, көңүл ачуучу компьютердик программалар жана оюндар, музыка, театралдык искусство, арт-дизайн, көркөм сүрөт искусствосу, басылма иши, телекөрсөтүү, радио жана башкалар кирет.
"Кыргызстандын бул секторлорду өнүктүрүү боюнча потенциалы чоң, бирок акыркы беш жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясында креативдүү экономиканын үлүшү бир пайыздан ашпай келет. Анткени көпчүлүгү көмүскө иштеп жатат. Бул документ тармакты өнүктүрүп, жолго коюуга шарт түзөт", — деп айтылат негиздемеде.
Эске салсак, Экономика министрлиги аталган концепцияны 2020-жылдын август айынан бери колго алган.
Ведомство креативдүү индустрия сектору келечекте улуттук экономиканын тоо-кен өнөр жайынан жана мигранттардын акча которууларынан көз каранды болуусун жок кылат деген пикирде.
Эмне жөнүндө китеп окуй турганыңды жан дүйнөң менен сезип, билип турушуң керек. Бул абдан маанилүү. Мындай пикирин Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, китеп окуган адамдын акылы тунук, даражасы бийик, ой-чабыты кенен болот.
"Акыркы 30 жылды алсак, китептен такыр алыстагандар бар. Жаштар эле эмес улуу муундагы адамдар деле эмне окуурун билбейт. Мисалы, дүкөнгө кирип кандай темадагы чыгарма издеп жатканын билишпейт. Азыркы жашоо көбүнесе акчага байланып калды", — деди Садыкулова.
Ошондой эле жетекчи китеп окуу маданиятын калыптандыруу керектигин кошумчалады.