Көбүнчө европалыктар алууда. Кыргыз балы 20дан ашык өлкөгө сатылды

© Sputnik / Мурад Оруджев / Медиабанкка өтүүБал. Архив
Бал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан бал Кытайга жана Сауд Аравияга ири өлчөмдө ташылган. Жалпысынан Европа мамлекеттерине көбүрөөк жөнөтүлгөн.
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Кыргызстан 2020-жылдын январынан октябрь айына чейин 388,3 тонна бал саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Сатылган аселдин жалпы наркы 1,4 миллион доллардан ашкан (110,3 миллион сом).
Бал кайсы жакка канча өлчөмдө экспорттолгон (тонна менен):
  • Кытай — 96;
  • Сауд Аравия — 53;
  • БАЭ — 42,1;
  • Кувейт — 39,9;
  • Андорра — 33,4;
  • Казакстан — 20,7
  • АКШ — 20,5;
  • Россия — 14;
  • Япония — 11,8
  • Түштүк Корея — 10,4
  • Тайвань — 9,9;
  • Франция — 9,8;
  • Катар — 9;
  • Бахрейн — 4,4;
  • Малайзия — 3,5;
  • Өзбекстан — 3,5.
  • Оман — 3,2;
  • Азербайжан — 1,1;
  • Иордания — 0,7
  • Индия — 0,5;
  • Улуу Британия — 0,5;
  • Германия — 0,1;
  • Сингапур — 0,1;
  • Швейцария — 0,1;
  • көрсөтүлбөгөн мамлекет — 0,1.
2019-жылдын ушул эле мезгилинде 355 тоннадай бал 103,2 миллион сомго сатылган болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0