БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын тогуз айында түз инвестициялардын Кыргызстанга кириши 30,9 пайызга төмөндөп, суммасы 398,35 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Салыштыруу үчүн айта турган болсок, 2019-жылы дал ушул мезгилде (январь-сентябрь) түз инвестициялардын өлкөгө кириши 1, 077 миллиард долларга чыккан. Мында 2019-жылга салыштырмалуу 26,4 пайызга өскөнү байкалган. Ошондой эле сыртка агылган каражаттын көлөмүнөн 403,87 миллион долларга көп болгон.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Былтыр "Коопсуз шаар" долбоорунан 721 миллион сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу каржы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.
"2020-жылы "Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн акча көздөгөн максаттарга багытталууда. Мисалы, былтыр тез жардам автоунаалары алынган", — деди Мукашев.
Ушул эле маалымат жыйында министр Россия берген 20 миллион доллар кайда экенин жана 100 миң сомго чейин кредити барларга жардам берүү процесси боюнча маалымат берген.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 17,6 пайызга кымбаттаганын Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Алар кайсы азык-түлүк экенин билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары комитеттин отчетторун карап чыкты. Негиз катары 2019 жана 2020-жылдардагы орточо баалар пайдаланылды.
Сарымсак. 71 пайызга кымбаттап, баасы жогорулаган товарлардын сап башына чыкты. Мурдагы жылы анын бир килограммын кыргызстандыктар орто эсеп менен 161 сомго алса, былтыр бул баа 276 сомго чыкты.
Уйдун майы. 54 пайызга кымбаттап, 108 сомдон 166 сомго көтөрүлдү.
Күн карама майы. 2019-жылы литри 95 сомдон сатылган май, 2020-жылы 52 пайызга баасын көтөрдү.
Картошка. Мурда 20 сомдук картошка азыр 30 сомдун тегерегинде.
Пахта майы. Азыр бир литр майды 145 сомдун тегерегиндеги акчага аласың. Мурда ал 100 гана сом болчу.
Бадыраң. 40 пайызга кымбаттап, учурда 156 сомдон сатылууда.
Койдун эти. Эттин бул түрү 34 пайызга кымбаттады.
Койдун майы. Койдун эти менен чогуу майынын баасы дагы асман чапчыды. Учурда бир килограмм май 212 сом.
Кумшекер. Мурда бир килограммы орто эсеп менен 42 сом болсо, жылдын аягында 54 сомго чыкты.
Помидор. 30 пайызга камбаттап, 98 сомдон 128 сомго чыкты.
Ошондой эле бул тизмеде лимон, жумуртка, уйдун боору, жылкы эти, ун, гречка, апельсин жана макарон азыктары бар.
18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.
"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.
Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.