БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦи техникалык жактан газга өтүүгө даяр. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Өкмөттүн тапшырмасы менен "Электр станциялары" ТЭЦти газга өткөрүү боюнча маселенин үстүндө иштеп жатат. Маалыматка караганда, ТЭЦтин үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн болгону Кыргызстанга газ туруктуу жана керектүү көлөмдө келип турганы жетиштүү.
"Алдын ала эсептөөлөргө караганда, бул нерсе продукциянын (жылытуу, ысык суу, электр жарыгы, буу) эки эсе кымбатташына алып келет", — деп айтылат билдирүүдө.
Компания Бишкек ТЭЦтин мындан кийинки тариф саясатын жүргүзүү жана газга жеңилдетилген бааны коюу үчүн мэриянын балансына өткөрүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кытай ири өлкөлөр арасында 2020-жылы пандемияга карабай экономикасы өсүштө болгон жалгыз өлкө болуп калды. Өткөн жылы коңшу өлкөнүн ички дүң продукциясы 2,3 пайызга жогорулаганын Мамлекеттик статистика комитетине таянып РБК басылмасы жазды.
Акыркы 45 жыл ичинде Кытай экономикасындагы өсүү мынчалык төмөн түшө элек болчу. Соңку ирет 1976-жылы 1,6 пайызга төмөндөгөн. Ошондон бери жалаң өсүү үстүндө болгон. Мисалы, 2017-жылы — 6,8, 2018-жылы — 6,6, 2019-жылы 6 пайызды түзгөн.
"Былтыр алгач коронавирус башталганда өлкөнүн ИДПсы дароо түшүп кеткен, бирок экинчи кварталдан тарта кайра өсө баштап, жылдын аягында бир топ жакшы көрсөткүчтөргө жетти", — деп айтылат кабарда.Падемия башталганга чейин Улуу Британиядагы экономикалык жана бизнес-иликтөөлөр борборунун адистери Кытай дүйнөдө биринчи орунда турган АКШ экономикасын 2033-жылы озуп өтөт деп божомолдошчу. Бирок акыркы көрсөткүчтөрдөн улам серепчилер Кытай биринчиликке (ИДП боюнча) 2028-жылы эле жетиши мүмкүн деп айта башташты.
Эске салсак, коронавирус алгачкы ирет былтыркы кышта Кытайда табылган. Бир нече ай бою ал илдеттин жайылышы боюнча биринчи орунда келип, кийин Италия менен АКШ алдыга чыккан.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2010-жылдан ушул кезге чейин бир жылдык көмүр казуунун көлөмү 570 миңден 2 миллион 460,2 миң тоннага чейин өстү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн вице-премьер Равшанбек Сабиров көмүр тармагынын абалы жана аны өнүктүрүү келечеги боюнча кеңешме өткөргөн.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин маалыматы боюнча, төмөнкүдөй себептерден улам көмүр көп казыла баштаган:Бишкек ЖЭБине жергиликтүү көмүр ташууну көбөйтүүнүн негизинде Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин иштетүүчү ишканалардын кубаттуулугун өнүктүрүү;
Кытай жана Тажикстанга кыргыз көмүрүн экспорттоо боюнча байланыштарды калыбына келтирүү. Өзбекстан тарабынан газды экспорттоо үчүн үнөмдөө максатында кабыл алынган көмүрдү пайдалануу саясаты;
2019-жылдын 22-майына карата көмүр кендерине 187 уруксат кагазы берилген. Анын ичинен 114 лицензия иштетүүгө алынган, 71и долбоорлоо баскычында.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда болжолдуу түрдө 6,4 миллиард тоннадан ашуун запасы менен 70 көмүр кени бар.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 2020-жылдын экинчи жарым жылдыгында калктын ишеним индекси кыргыз бийлигине былтыркыга салыштырмалуу төмөндөп кетти. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Изилдөө декабрь айында жүргүзүлүп, 18 жаштан 75 жашка чейинки Кыргызстандын 3600 жараны сурамжылоого алынган.
Натыйжада аткаруу бийлигинин, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын, өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигине калктын ишеним индекси 25 баллды түзгөн. Муну менен 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8 баллга төмөндөгөн.