Президенттикке талапке Садыр Жапаров

Садыр Жапаров алдыдагы жылдар өтө татаал болорун эскертти

240
(жаңыланган 00:27 11.01.2021)
Садыр Жапаров өлкө башчылыгына экономикалык жана саясий жактан өтө татаал учурда келгенин айтып, элдин колдоосуна муктаж экенин билдирди.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан Садыр Жапаров жакынкы 1-2 жылда Кыргызстан кандай абалда болорун айтты.

Ушул тапта Бишкек шаарында Жапаров журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Ага ЖМК өкүлдөрүнүн бири "тышкы карызды кутулуу боюнча кандай пландарыңыз бар" деген суроо берди.

"Алдыдагы 1-2 жыл өтө кыйын болот. Экономика, энергетика тармагы оор абалда. Саясий жактан туруктуулугубуз дагы бекем эмес. Ачыгын айтышыбыз керек, жакынкы жылдары кыйналабыз, бирок үч жылдан кийин тышкы карызды толугу менен жаба баштайбыз", — деди Жапаров.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, Жапаров атаандаштарын бир топ артка калтырды.

Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.

240
Белгилер:
экономика, Тышкы карыз, Садыр Жапаров, жыйынтык, шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021 (195)
Тема боюнча
Садыр Жапаров: люстрация боюнча берген убадамды аткарам
Жапаров: убадама турбасам, атамдын, энемдин жана баламдын арбагы кечирбес
Биримдикте иш алып баралы! Садыр Жапаров шайлоодогу атаандаштарына кайрылды
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архивдик сүрөт

Бишкекте айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт

64
Министр Тилек Токтогазиев дүйнөдөгү айыл чарбанын тез өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттар түзүлүшү керектигин айткан.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кийинки жуманын биринчи күнү, 25-январда, айыл чарбасын камсыздандыруу боюнча жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Министр Тилек Токтогазиев тегерек столдун алкагында айыл чарбасын камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясын талкуулап, аны ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу керектигин айткан.

"Дүйнөдөгү айыл чарбанын динамикалуу өнүгүп жатканын эске алуу менен өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик деңгээлде шарттарды түзүп берүү керек", — деген Токтогазиев.

Министрлик бардык кызыкдар тараптарды айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган маселелерди талкуулоого чакырды. Ал үчүн 0502 40 39 69 телефон номери же alchynbek.b@gmail.com электрондук дареги аркылуу байланышууга болот.

64
Белгилер:
жыйын, Тилек Токтогазиев, өнөр жай, тамак-аш, айыл чарба, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда былтыр канча азык-түлүк өндүрүлдү. Сандар
Ботаникалык жай. Архивдик сүрөт

Бишкекте айыл чарба бизнесине кызыккандар үчүн ботаникалык жай ачылат

216
(жаңыланган 16:07 23.01.2021)
Айыл чарба министрлиги Корея менен меморандумга кол койду. Анда элди агротехнологиялар менен тааныштырып, бизнеске тартууга аракет кылышат.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында айыл чарбасына кызыккандарга Бишкекте ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Аталган министрлик, Кыргыз улуттук университети жана Кореянын аймакты өнүктүрүү департаментинин айыл чарба илимдери жана технологиялары жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

Анын алкагында университеттин ботаникалык бакчасынын базасында демонстративдик талаа, же башкача айтканда, өзүнчө ботаникалык бакча ачуу каралган.

"Долбоордун негизги максаты айыл чарба адистерин, студенттерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, дыйкандарды, деги эле айыл чарбага кызыккандарды Кореянын акыркы агротехнологиялары менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле эки өлкөнүн алдыңкы илимпоздорун тартуу менен жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

2021-жылы кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлор пландалып жатканы айтылды:

  • мал чарбасын сандан сапатка өткөрүүнү жакшыртуу жана асыл тукумдуулугун жогорулатуу программасын иштеп чыгуу (сүттүүлүк);
  • алманы кайра иштетүүнүн чакан масштабдагы технологияларын ишке ашыруу;
  • Кореянын породалуу тоокторун Кыргызстанга алып келип, аларды багуу ыкмаларын өздөштүрүү;
  • Айыл чарбасына зыян келтирген курт-кумурскалар менен күрөшүү.
216
Белгилер:
талаа, бала бакча, меморандум, Корея, Кыргызстан
Тема боюнча
Айыл чарба министрлиги муз үстүндө балык кармоо боюнча мелдеш өткөрөт

Кудум мышыктай! Май үчүн бактын чокусуна чыккан түлкүнүн видеосу

0
My-Mriya Crimea Wildlife YouTube каналында чочконун майына (сала) жетиш үчүн ийилген жука бутактардын башына чыккан куу түлкүнүн видеосу жарыяланды.

"National Geographic Россия" басылмасы жазгандай, окуя Крымда болгон. Анда фотограф, блогерлердин үй-бүлөсү короосундагы бакка чымчыктар үчүн чочконун майынан бир тилим илип коюшкан. Бирок тамакты чымчыктарга "аш" кылбай түлкү жеп кеткен. Блогерлердин айтымында, мындай учур биринчи ирет кайталанбагандыктан, алар атайын камера коюп, түлкүнүн майды алып кеткен учурун видеого түшүрүп калышкан.

Анда көрүнүп тургандай, жырткыч бутактардын ичке экенине карабай башына чейин чыккан. Биринчи аракетинде көздөгөн тамагын ала алган эмес. Бирок экинчи ирет бактын башына кайра чыгып, акыры майды алып кеткен.

0
Белгилер:
видео, май, тамак, түлкү, Крым
Тема боюнча
Аппак коён кар кишинин мурдуна коюлган сабизди жеп кетти. Элжиреткен видео